Ирактын бийлиги жогорку класстардын окуучулары экзамен тапшырган күндөрү өлкө боюнча төрт саатка интернетти өчүрүү чечимин жактырды.
Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен ирактын “Alsumaria” телеканалы билдирди.
“Министрлер кеңеши экзамендерди ийгиликтүү өткөрүүгө күчтөрдү бириктирүү максатында орто жана жогорку мектептерде экзамен учурларында интернетти төрттөн таңкы саат сегизге чейин өчүрүүнү жактырды”, — деп айтылат министрликтин ведомство башчысы Ибрагим аль-Жубуринин экзамендердин башталышынын алдында өткөргөн отурумунун жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө.
Аль-Жубури күч түзүмдөрүнүн билим берүү мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле экзамен учурунда суроолордун сыртка чыгып кетишине жол бербөө боюнча аракеттерин жогору баалады.