Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирактагы таасир талашы: атаандашты четтетүү өнөктүгү жүрүп жатабы?

  • Батыш Азия
  • 30.09.2026 16:09

Loading

Бүгүнкү күндө Ирак АКШнын, Сауд Арабиясынын жана Ирандын башка атаандаштарынын көңүл чордонунда турган өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Сауд Арабиясы Йеменде болгон окуянын өзүнүн түндүк чек арасында кайталанышын каалабайт. Ал эми АКШ Иракка карата стратегиясында багытын өзгөрттү.

Вашингтон жыйырма жылдан ашуун убакыт бою Тегеран менен атаандаштыкты жана чыңалууну башкарууга аракет кылып келген болсо, азыр «атаандашты четтетүү» стратегиясына өтүп жатат.

АКШ президенти Дональд Трамптын Ирактын премьер-министрин тандоо жараянына түздөн-түз кийлигишүүсү, Нури аль-Маликинин бийликке кайра келишине ачык каршы чыгышы жана Иранга жакын куралдуу топторду куралсыздандырууга аракет кылышы — мунун баары жаңы саясаттын белгилери катары каралууда.

Тема боюнча

АКШнын Ирактан кетиши Жакынкы Чыгыштын геосаясатын кантип өзгөртөт? — Эксперттин пикири

АКШнын Ирактан кетиши Жакынкы Чыгыштын геосаясатын кантип өзгөртөт? — Эксперттин пикири

07.10.2026

Мындан тышкары, Вашингтондун Иранды экономикалык жактан муунтууга багытталган стратегиясында Ирак Бириккен Араб Эмираттарынан кийинки өзгөчө маанилүү орунда турат. Бул стратегия Ирандын соода өнөктөштөрүнө жана коңшу мамлекеттерине багытталган.

Ирак геостратегиялык жайгашуусуна байланыштуу аймактагы күчтөрдүн тең салмагында, өзгөчө бир жагынан Иран менен Сауд Арабиясынын, экинчи жагынан Израилдин ортосундагы атаандаштык жана тирешүүдө өзгөчө геосаясий мааниге ээ.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан кийинки аймактагы согуштарынан кийин Ирактын мааниси дагы да өстү.

Чыр-чатактын ушул чечүүчү этабында ар бир тарап Ирактагы атаандашын четтетүү үчүн өз таасирин пайдаланууга умтулууда. Алар колдонгон ыкмалар бири-биринен олуттуу түрдө айырмаланат.

Иран негизинен өлкөнүн эң уюшкан аскердик-саясий жана коопсуздук түзүмү болгон Элдик Мобилизациялоо Күчтөрүнө таянат, ошол эле учурда Ирактын ар кандай саясий фракциялары, партиялары жана ишмерлери менен тыгыз байланыштардан пайдаланууга аракет кылат.

Ал эми АКШнын басым көрсөтүү рычагдары, коомчулуктагы түшүнүккө карама-каршы, сөзсүз түрдө аскердик жана күч колдонууга негизделген эмес. Эгер АКШнын таасири анын аскердик катышуусуна гана көз каранды болгондо, америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин бул таасирдин куралы да жоголмок.

Вашингтондун Ирактагы таасири көбүрөөк «жумшак күчкө» негизделет. Ал бир жагынан АКШнын эл аралык системадагы саясий, аскердик жана экономикалык абалына, экинчи жагынан Ирактагы бийлик түзүмдөрүнө болгон таасирине таянат.

Мындан тышкары, Ирактагы АКШнын таасирин бекемдеген дагы эки фактор бар.

Биринчиси — Вашингтондун Ирактын экономикалык артерияларына болгон көзөмөлү: 2003-жылдан бери Ирактын мунайдан түшкөн кирешеси АКШнын Федералдык резерв системасындагы эсепке которулуп келет. Бул каражаттарды алуу же сарптоо иш жүзүндө АКШ өкмөтүнүн макулдугусуз жана аны менен толук макулдашпай туруп мүмкүн эмес.

АКШ Ирактын саясий түзүмүндө таасирге ээ болбогон күндө да, ушул эле каржылык рычаг Багдадга басым жасап, аны Вашингтондун талаптарын аткарууга мажбурлоо үчүн жетиштүү болмок.

Экинчи фактор — акыркы он жыл ичинде Иракта Иран менен мамилесинде айырмачылыгы бар бир катар саясатчылардын пайда болушу. Алар Багдадды Тегеран менен идеологиялык жана геосаясий байланышта көрүүгө кызыкдар эмес.

Ошол эле учурда Ирактын саясий мейкиндигиндеги карама-каршылык да ачык байкалууда.

Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн «Координациялык алкак» Ирандын негизги союздашы болуп саналат жана өкмөттүн негизги таянычын түзөт. Бирок жогоруда айтылган факторлордун натыйжасында премьер-министрди тандоо иш жүзүндө алардын колунан чыгып калган.

Буга мисал катары Али аз-Зейдинин бийликке келишин айтууга болот. Ал өзүнүн бийликке келишин Трамптын Иранга ыңгайлуу талапкерди четтетүүгө жасаган басымы менен байланыштырат.

Бул татаал кырдаалдын натыйжасында Багдаддагы мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу механизми маанилүү маселелер боюнча Ирандын кызыкчылыктарына караганда америкалык тараптын позициясын көбүрөөк эске ала баштады.

Ушундан улам АКШ Ирактын мамлекеттик чечимдерин өзүнүн аймактык саясатына ылайык багыттай алды деген пикир айтылууда. Мындай шартта Ирак өкмөтү АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Нажаф аэропортун Иранды абадан курчоого алуу өнөктүгүнөн чыгарууга жетише алса, муну таасирлердин тең салмагында чоң өзгөрүү болду деп кароого болбойт.

Мындай макулдашуу көбүрөөк Вашингтондун Иракта коопсуздук кырдаалы начарлап кетишинен чочулашынан улам болушу мүмкүн. Анткени бул борбордук бийликтин алсырашына алып келип, карышылк көрсөтүү топторунун ролунун күчөшүнө жол ачышы ыктымал.

Муну менен катар Вашингтон учурда Тегерандын таасирин чектөөгө мурдагыдан да көбүрөөк кызыкдар. Бул жагдай АКШнын да өзүнүн таасирин максималдуу деңгээлде пайдаланууда белгилүү бир чектөөлөргө туш болуп жатканын көрсөтөт.

Ошол эле учурда негизинен «Хашд аш-Шааби» күчтөрүнө таянган Ирандын таасири да азыркы шартта бул түзүмдүн күч колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда бир катар чектөөлөргө дуушар болууда. Бирок келечекте аймакта кеңири масштабдагы туруксуздук жана коопсуздук кризиси жаралса, бул күч мүмкүнчүлүгүн пайдалануу ыктымалдыгы жокко чыгарылбайт.

Автор: Сабер Гол Анбари, ирандык саясий талдоочу, Жакынкы Чыгыш жана ислам дүйнөсү боюнча эксперт

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: атаандаштыкИрак
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын Ирактын ресурстарына көзөмөл орнотуу пландарына эскертүү берилди

АКШнын Ирактын ресурстарына көзөмөл орнотуу пландарына эскертүү берилди

14.10.2026
АКШнын Ирактан кетиши Жакынкы Чыгыштын геосаясатын кантип өзгөртөт? — Эксперттин пикири

АКШнын Ирактан кетиши Жакынкы Чыгыштын геосаясатын кантип өзгөртөт? — Эксперттин пикири

07.10.2026
Иранда АКШнын Ирактан чыгарылышын тарыхый жеңиш деп аташты

Иранда АКШнын Ирактан чыгарылышын тарыхый жеңиш деп аташты

01.10.2026
Муктада ас-Садр: АКШ аскерлеринин Ирактан чыгышы өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн башталышы болот

Муктада ас-Садр: АКШ аскерлеринин Ирактан чыгышы өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн башталышы болот

21.09.2026
АКШ Ирактан аскерлерин чыгарып жатат

АКШ Ирактан аскерлерин чыгарып жатат

18.09.2026
Иран коңшулары менен көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр

Иран коңшулары менен көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр

18.09.2026
“Атлантика кеңеши”: АКШнын Ирактан чыгышы — Иран үчүн маанилүү жетишкендик

“Атлантика кеңеши”: АКШнын Ирактан чыгышы — Иран үчүн маанилүү жетишкендик

11.09.2026
Иран Ирактын үстүндө америкалык чалгындоочу аэростатты атып түшүрдү

Иран Ирактын үстүндө америкалык чалгындоочу аэростатты атып түшүрдү

07.09.2026
Ирактын каршылык көрсөтүү тобу АКШга эскертүү жасады

Ирактын каршылык көрсөтүү тобу АКШга эскертүү жасады

03.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.