Ирандын курама командасы 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка катышып, өз беттештерин АКШда өткөрөт деп билдирди ФИФАнын президенти Джанни Инфантино.
ФИФАнын конгресси бейшемби күнү Канаданын Ванкувер шаарында өтүп жатат.
“Мен Иран 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка катышарын жана албетте, АКШда ойной турганын ырастагым келет. Биз биригишибиз керек жана адамдарды бириктиришибиз керек. Жана бул биздин милдетибиз”, – деп билдирди Инфантино.
Буга чейин Ирандын спорт министри Ахмад Доньямали улуттук курама команданын 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка катышуусу азыркы геосаясий кырдаалды эске алуу менен мүмкүн эмес деп билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп да Ирандын командасы АКШда өтө турган Дүйнө чемпионатына катыша аларын, бирок өз өмүрү коопсуздугу үчүн үйдө калууга тийиш деп кеңеш берүүсүнөн кийин, Доньямали ФИФАдан турнирди АКШда өткөрүү чечимин жокко чыгарууну талап кылган.
Андан кийин Азия футбол конфедерациясынын (АФК) башкы катчысы Виндзор Джон Ирандын курама командасы дагы эле чемпионатка катышууну пландап жатканын билдирген.
Өткөн аптада Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Фатеме Мохажерани ирандыктардын турнирге катышууга даяр экенин жарыялаган.
2026-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты үч өлкөдө өткөрүлөт: АКШ, Мексика жана Канада. Оюндар 16 шаарда өтөт. Алардын 11и АКШда (Сиэтл, Сан-Франциско, Лос-Анджелес, Канзас-Сити, Даллас, Хьюстон, Атланта, Бостон, Нью-Йорк, Филадельфия, Майами), үчөө Мексикада (Мексико, Гвадалахара, Монтеррей), экөө Канадада (Торонто жана Ванкувер).















