Аталган завод Кыргызстандын түштүк аймагын күйүүчү май менен толук камсыз кылмакчы.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында бензин өндүрүү боюнча ири заводдун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Кыргыз-түрк ишканасы ишкана ишке киргизилгенден кийин өлкөнүн бүтүндөй түштүк аймагын бензин менен камсыз кылып, кирешеси жогору болору күтүлүүдө.
Завод төмөндөгү продукцияларды чыгарат:
АИ-92, АИ-95 маркасындагы бензин;
дизел отуну;
битум;
газ;
автомашиналар үчүн май.
Курулуш иштери 2021-жылы башталган, ал эми объектин ишке берилиши үстүбүздөгү жылдын июнь айында күтүлүүдө. Завод күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштетүүгө эсептелген.
Компаниянын башкы директору Чынгызбек Тешебаевдин айтуусу боюнча, долбоордун биринчи этабынын сметалык баасы $12 млн.ду түзүп, экинчи этабы $27 млн.га айланууда.
Облустук бийликтин маалыматы боюнча, ишкананын өнөктөшү болуп саналган «К-Нефть» компаниясы баасы $80 млн. мунай өндүрүүчү ишкананы курат.
Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров парламентте Кыргызстандын түштүгүндө ири газ кени табылгандыгын маалымдаган. Анын айтуусунда, аталган кен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусттарынын газга болгон керектөөсүн 70-80 жылга камсыздай алат. Эгер бул план ишке ашса, анда өлкөбүздүн бүтүндөй түштүк аймагынын мекеме, ишканалары менен жашоочуларын газ менен камсыз кылуу маселеси чечилет.
СССРдин учурунда Кыргызстандын түштүк аймактарындагы Бүргөндү, Майлуу-Суу, Арка газ жана мунай кендери болгон. Бирок Кадамжай районундагы Бүргөндү газ кенин Өзбекстан иштетип келген.





















