АКШ тарабынан Иранга каршы жасалган кандай гана аскердик аракет болбосун, Ислам Республикасы тарабынан согуштун башталышы катары кабыл алынат жана ага дароо, болуп көрбөгөндөй жооп кайтарылат.
Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Али Шамхани билдирди.
“Чектелген сокку — бул иллюзия. АКШнын Иранга каршы кайсы жерден, кайсы деңгээлде болбосун жасаган ар кандай аскердик аракети Тегеран тарабынан согуштун башталышы катары бааланат. Жооп токтоосуз, ар тараптуу жана мурда болуп көрбөгөндөй болот. Ал агрессорго, Тель-Авивдин жүрөгүнө жана агрессорду колдогон бардык тараптарга багытталат”, — деп жазды Шамхани Х социалдык тармагындагы баракчасында.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында америкалык «армада» Иран тарапка ылдам жылып бара жатканын жана коюлган тапшырмаларды аткарууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал АКШнын Иранга каршы мүмкүн болуучу кийинки соккусу 2025-жылдын июнь айындагы чабуулдан да кыйратуучу болорун айтып, мындай сценарийге жол бербөөгө чакырган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жакынкы Чыгыштагы сегиз, тогузга чейинки аскердик базаларда 30 миңден 40 миңге чейин америкалык аскер жайгашканын билдирди.
2025-жылдын декабрь айынын аягында Иранда улуттук валютанын девальвациясына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийинчерээк алар уюшкан жалданма топтордун анын ичинде куралчан террорчулардын аракеттери менен башаламандыкка чейин жеткен.
Трамп Ирандагы нааразылык акцияларын колдоп, Ислам Республикасына каршы бардык ыкмаларды, анын ичинде абадан сокку урууну да жокко чыгарбай турганын бир нече жолу билдирген. Тегеран болсо АКШ президентинин мындай билдирүүлөрү Ирандын суверенитетине коркунуч туудурарын айтып, чабуулга жооп катаал жооп кайтарыларын эскерткен.
“New York Times” гезити Жакынкы Чыгыштагы америкалык өнөктөштөр Трампты аймакты кеңири жаңжалга түртүшү мүмкүн болгон Иран менен аскердик эскалациянын алдын алууга көндүрүүгө бир нече жумадан бери аракет кылып жатышканын маалымдады.
Иран буга чейин коңшуларына АКШ кол салса, алардын аймагындагы америкалык аскердик базаларга сокку урарын эскерткен.



















