АКШнын агрессиясы болгон учурда Израилдин аймагы Иран үчүн мыйзамдуу бутага айланат, анткени «алар – бир бүтүн» элементтер.
Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин кеңешчиси Али Шамхани Al Mayadeen телеканалына берген маегинде билдирди.
«Израиль менен Америка — бул эки өзүнчө элемент эмес, алар — бир бүтүн», — деди ал АКШ Ирандын аймагына сокку урган учурда Тегерандын Израилге карата жооп чаралары тууралуу суроого жооп берип жатып.
«Эгер Америка сокку урса, анда Израиль, албетте, бул процесске тартылат жана биздин жооп тиешелүү деңгээлде болот», — деп баса белгиледи Шамхани.
Анын айтымында, жооп кайтаруунун масштабы «алардын аракеттерине жана кадамдарына жараша болот».
Ирандын Жогорку лидеринин саясий кеңешчиси өлкө АКШ менен ядролук маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу кайталаганын, анткени Европа эч нерсе кыла албастыгын далилдегенин билдирди.
2025-жылдын ноябрында Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Саид Хатибзаде Ирандын ядролук программасы боюнча Евробиримдиктин 3 өлкөсү (Улуу Британия, Германия жана Франция) менен сүйлөшүүлөр жакынкы аралыкта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранга каршы санкцияларын калыбына келтирүүчү snapback механизмин колдонууга аракет кылгандан кийин болбой калганын айткан.
29-январда Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Кая Каллас билдирүүсүндө Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Ислам революциясынын сакчылар корпусун террористтик уюм деп тааныганын жарыялаган. Иран ЕБдин бул кадамына автоматтык түрдө “Жооп чаралары” мыйзамына ылайык, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү террористтик уюмдар деп атады.



















