ХАМАС бир нече күндүк кеңешүүдөн кийин акыры кыймылдын саясий бюросунун жаңы жетекчиси кылып Яхья ас-Синварды шайлады. Ал өткөн аптада Тегеранда өлтүрүлгөн Исмаил Ханиянын ордуна келди.
“ХАМАС кыймылы өлтүрүлгөн Исмаил Ханиянын ордуна Яхья ас-Синварды кыймылдын Саясий бюросунун башчылыгына шайлангандыгын жарыялады”, – деп айтылат кыймыл тараткан билдирүүдө.
62 жаштагы Синвар, көбүнчө Абу Ибрагим деген ат менен белгилүү, Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис качкындар лагеринде төрөлгөн.
Буга чейин Синвар Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болгон. Ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Израилдин түрмөсүндө өткөргөн. 1988-жылы ал Израилдин бийликтери тарабынан камакка алынып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Кийин ал 2011-жылы палестиналык туткундарды израилдик жоокер Гилад Шалитке алмашуу учурунда абактан бошотулган.
Түрмөдөн чыккандан көп өтпөй Синвар ХАМАСтын саясий бюросуна кирип, 2017-жылы Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болуп шайланган.
Синвардын шайланышына Израиль менен АКШнын реакциясы
Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац Яхья ас-Синвардын ХАМАСтын лидери болуп шайланышына реакция кылып, аны “мүмкүн болушунча тезирээк жок кылууга” чакырды.
“Исмаил Ханиянын ордуна башкы террорист Яхья ас-Синвардын ХАМАСтын жаңы лидери болуп дайындалышы аны мүмкүн болушунча тезирээк жок кылууга жана жийиркеничтүү уюмду жер бетинен жок кылууга дагы бир орчундуу себеп”, – деп жазды Кац Х социалдык баракчасына.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Яхья ас-Синвар ок атышпоо боюнча чечим кабыл ала турган негизги адам болуп келгенин билдирди.
“Ал (Яхья ас-Синвар – ред.) негизги чечим кабыл алуучу адам болгон жана болуп кала берет. Бул ок атышууну токтотуу боюнча чечим кабыл алуу анын жоопкерчилиги экенин баса белгилейт”, – деди ал австралиялык кесиптештери менен биргелешкен маалымат жыйынында.
ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшү
ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания 31-июлда Тегерандагы резиденциясында Израилдин соккусунан улам каза болгонун ХАМАС кабарлаган. Ал Иранга жаңы президенттин инаугурациясына катышуу үчүн келген. Кыймыл Ханиянын өлүмү үчүн Израиль менен АКШны айыптап, кол салуу жоопсуз калбасын билдирген.
Ушундай эле пикирди Иран бийликтери да билдирди. Өлкө президенти Масуд Пезешкиан Иран менен Палестинанын элинин ортосундагы байланыш мурдагыдан да бекем болорун айтып, Иран өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргой турганын жана баскынчы-террорчулардын коркоктук аракеттерине өкүндүрөрүн билдирди.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Израиль Ханияны өлтүрүү менен өздөрүн катаал жазага кириптер кылганын айткан.
Расмий Тель-Авив болгон окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары премьер-министр Биньямин Нетаньяху өз командасына түн ичинде болгон окуя боюнча үн катпоого буйрук бергенин маалымдашты.
Батыш маалымат каражаттары жакынкы убакта Иран Израилдин ири шаарларына жүздөгөн ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурушу мүмкүн экенин жазышууда.

















