Палестинанын президенти Махмуд Аббас билдиргендей, ХАМАС кыймылы белгилүү бир шарттар аткарылган учурда саясий партияга айланышы мүмкүн.
Бул тууралуу ал италиялык Corriere della Sera гезитине берген маегинде айтты.
«ХАМАСтын дагы эле саясий партия болуу мүмкүнчүлүгү бар, эгерде ал Палестинаны бошотуу уюмунун принциптерин кабыл алып, Израилди тааныса, эл аралык милдеттенмелерине урмат менен мамиле кылса жана эки мамлекет түзүү чечимин колдосо»,
— деди Аббас.
Президент белгилегендей, парламенттик жана президенттик шайлоолор согуштук аракеттер аяктагандан кийин бир жылдын ичинде өткөрүлүшү мүмкүн, ал эми убактылуу конституция боюнча даярдык жакынкы айларда жарыяланат.
«Биз учурда эки мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз — бири шайлоо тууралуу, экинчиси саясий партиялар тууралуу», — деп кошумчалады Аббас.
Мындан тышкары, Палестинанын лидери 7-ноябрда Италияга расмий визит менен барып, Рим папасы Лев XIV менен жолугарын билдирди.
Маалымат:
- 9-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАСтын ортосунда туткундарды бошотуу жана Израил аскерлерин Газадан чыгаруу боюнча планды макулдашканын жарыялаган.
- 10-октябрдан тартып Газада ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирген.
- Бирок 19-октябрда Израил армиясы газалыктар ок атышууну бузду деп билдирип, Рафах шаарындагы куралдуу кол салуу үчүн ХАМАСты айыптаган.
- Премьер-министр Биньямин Нетаньяху армияга ХАМАСка каршы чара көрүү боюнча буйрук берген соң, Израил аба күчтөрү анклав боюнча ондогон буталарга сокку урган.
- Израил тарап маалымдагандай, Рафахтагы инциденттин кесепетинен эки жоокер каза болуп, дагы бири оор жаракат алган.
- Ошол эле учурда ХАМАС өкүлдөрү бул окуяга өздөрүнүн тиешеси жок экенин билдиришкен.















