Палестиналык ХАМАС кыймылынын жетекчилигинин өкүлдөрү египеттик ортомчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Каирге келишти. Бул тууралуу кыймылдын Telegram-каналында жарыяланган маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, кыймылдын делегациясын Газа секторундагы ХАМАСтын лидери Халиль аль-Хейя жетектеп келген. Египеттин борборуна ошондой эле бир катар палестиналык фракциялардын өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Алар менен ХАМАС жетекчилиги Газа секторундагы “ок атышууну токтотуу келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө” маселесин талкуулайт.
16-октябрда Al Hadath телеканалы ХАМАС да кошулган бир катар палестиналык фракциялардын өкүлдөрү 22-октябрда Газанын өнүгүүсү, айрыкча анклавдагы башкаруу системасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Каирге келишерин кабарлаган. Египеттеги консультацияларга Палестина мамлекети президенти Махмуд Аббас жетектеген жана Чыгыш Иордан жээгинде администрациялык башкарууну жүзөгө ашырып жаткан ХАМАСка атаандаш эң ири фракциялардын бири – ФАТХ өкүлдөрү катышабы же жокпу, телеканал тактаган эмес.
6-октябрда Израил менен ХАМАС делегациялары Египет, Катар, АКШ жана Түркиянын ортомчулугу астында Газа секторундагы жаңжал боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү кайра баштаган. 9-октябрда тараптар АКШ президенти Дональд Трамп мурда сунуштаган тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабы боюнча келишимге кол коюшкан. Газа боюнча ок атышууну токтотуу келишими 10-октябрда күчүнө кирген.


















