Палестиналык ХАМАС кыймылы шейшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө анын коопсуздук күчтөрү Газа секторундагы Израил менен кызматташат деп айыпталган куралдуу топко «олуттуу сокку» урганын билдирди.
Asharq Al-Awsat агенттигинин маалыматына караганда, ХАМАС өз билдирүүсүндө анын коопсуздук күчтөрү шейшемби күнү таң эртең Газанын түштүгүндө атайын операция өткөргөнүн, анын максаты карапайым элден качып жүргөн Ясир Абу Шабабанын жоочуларына кол салуу болгонун айткан.
ХАМАС ошондой эле операциянын жүрүшүндө «Абу-Шабабанын Элдик күчтөрү» аттуу топтун бир нече мүчөсү кармалганын жана алардын «диверсиялык аракеттеринде колдонулган курал-жарактар жана шаймандар» конфискацияланганын белгилеген.
Билдирүүдө мындан тышкары, бул операция «мамлекетке чыккынчылык кылган борборлордун ишин токтотууга багытталган кеңири чаралардын бир бөлүгү катары» жүргүзүлгөнү айтылат.
Өткөн жуманын башында Газа шаарынын Шуджайя районунда ХАМАСтын коопсуздук күчтөрү менен бир нече куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу болгон. Алардын ичинде Ясир Абу Шабабанын тобу да бар экени, ал топ мародерлук жана Израилден курал алуу боюнча айыпталып жатканы кабарланган.


















