Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууну сунуштаган ортомчуларга оң жообун жөнөткөнүн расмий тастыктады. Тиешелүү билдирүү кыймылдын Telegram каналында жарыяланды.
“ХАМАС жана Палестинанын башка фракциялары Египет менен Катардан бир күн мурун алган (Газадагы ок атышпоо боюнча) сунушка макулдугун ортомчуларга кабарлашты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин “Аль-Кахира аль-Ихбария” телеканалы өз булактарына таянуу менен ХАМАС 60 күндүк ок атышпоо келишиминин алкагында белгилүү бир сандагы палестиналык туткундардын ордуна Газа тилкесинде барымтадагы израилдиктердин жарымын бошотууга макул болгонун билдирген.
ХАМАС макул болгон Египеттин жана Катардын ортомчуларынын сунушу ошондой эле анклавга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз киришин камсыз кылуу үчүн Газанын тереңинен израилдик аскерлерди чыгарууну камтыйт. Мындан тышкары, ок атышпоо келишими күчүнө кирген биринчи күндөн тартып Израил менен ХАМАСтын ортосунда туруктуу элдешүү жана ар тараптуу келишим боюнча сүйлөшүүлөр башталышы керек.
” Al Jazeera” телеканалынын маалыматына караганда, барымтадагыларды өткөрүп берүү эки этап менен ишке ашат жана палестиналык кыймыл ошондой эле каза болгондордун сөөгүн тапшырат. Ар кандай булактардын маалыматы боюнча, ХАМАСтын туткунунда кеминде 50 израилдик барымтада калууда.
Буга чейин “Al-Araby” телеканалы Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жасим бин Жабер Аль Тани менен палестин фракциялары, Египеттин чалгындоо министри жана ХАМАС уюмунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу тууралуу кабарлаган.
Израилдин премьер-министринин кеңсеси 16-августта бардык израилдик барымтадагыларды дароо бошотууну камсыздоочу кеңири келишимге гана макул болоорун билдирген. Ошондой эле согушту токтотуунун шарттары катары ХАМАСтын куралсыздануусу жана Газа тилкесинин демилитаризациясы аталды.



















