Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште элчиликтин виза берүү ишинде “коррупция болуп жатканын” айтып, элчиликтин ишин текшерүүнү сунуштаган депутат Арсланбек Малиевге өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.
Элчи 30-январда жарыялаган видеосунда элчиликтеги виза берүү процессинде адам фактору жокко чыгарылганын жана коррупцияга жол берилбей турганын билдирди.
Ө.Текебаев өз кайлыуусунда 2017-жылы Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) коррупцияга каршы күрөшүү жана виза берүүнү жеңилдетүү үчүн электрондук виза порталын ачканын, немис жарандары узак мөөнөттүү виза алуу үчүн ошол платформага өтүнмө калтыра турганына токтолду.
“Виза алгысы келген чет элдик жаран кыргыз дипломаты менен түздөн-түз байланышып, жүзмө-жүз көрүшүп, коррупциялык алака түзө албасын деген ниет. Бул долбоор коррупциялык тобокелдикти минимумга түшүрөт. Ошол Алдахунов анын ишин кайсы дипломат карап жатканын билбейт, жүз көрүшпөйт, акча берем десе да бере алышпайт. Анткени консулдук акыны дагы, документти дагы портал аркылуу Кыргызстанга жөнөтөт. Документтер так болсо, анын өздүгү атайын кызматтарда шек жаратпаса, ал токтоосуз түрдө виза алат”, – деди Текебаев.
Жогорку Кеңеште депутат А. Малиев аты аталган жаран электрондук портал аркылуу эки жолу кайрылып, экинчи жолу акча төлөгөндөн кийин виза алгандыгын айткан.
Элчи “Ооба, кээде документтер так, толук болбой калат. Бүдөмүк пикирлер пайда болушу мүмкүн. Анда ал экинчи жолу документтерин тактап, кайра кайрылганга укуктуу. Ар бир кайрылганда консулдукка кызмат акыны 50 доллардан төлөп турушу керек. Бул коррупция эмес, мыйзамдуу түрдө көрсөтүлгөн кызмат акы”,- деди.
Бул боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, түшүндүрмө берген.
Министрликтин A. Aldoukhova жана U. Ditterbrant аттуу чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын визасын алуу тууралуу кайрылуусун кароо учурундагы аткарылган мыйзамсыз аракеттер боюнча билдирүүсүндө, Германиягы Кыргызстандын элчилиги аркылуу эмес, “Электрондук виза” порталы аркылуу кайрылышкан.
Ошону менен бирге министрлик жогорудагы жарандар “Электрондук виза” порталы аркылуу виза алуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышканын жана бардык кайрылуулары Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында каралгандыгын белгилеген.
Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2022-жылы февралда дайындалган.
















