Орусиянын «Газпром» компаниясы Брюсселдеги жана Токиодогу өкүлчүлүктөрүн жоюу маселесин карайт.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги уюмдун билдирүүсүнө таянып маалымдады.
«Газпром» Европанын экспорттук рыногун дээрлик жоготту. Украина аркылуу газ транзити аяктагандан кийин «Газпромдун» Европага бир гана жолу калды – Түркия аркылуу.
Холдингдин директорлор кеңешинин жыйыны 28-январга белгиленген.



















