Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Г. Баатырова: “Интернет аркылуу улут аралык кастыкты козуткандар да бар”

  • Интервью
  • 20.05.2024 10:10

Loading

Бишкектеги түнкү башаламандык. Эмгек министри мигранттар тууралуу бир катар суроолорго жооп берди.

Түндө Бишкекте чет элдик жана кыргыз жарандарынын ортосунда башаламандык орун алып, бир нече жаран жабыркады. Мындан улам кыргызстандыктар чет элдик жарандардын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда. “Кабар” агенттиги бир катар суроолор менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатыровага кайрылды.

— Чет элдик жарандар менен жергиликтүү жаштардын ортосундагы чыр-чатактан улам, алар алектенип жаткан жумуш орундарын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган пикирлер айтылып жатат. Сиздер мигранттарга жумушка квота берүү менен алектенесиздер, аталып жаткан Индия, Бангладеш жана Пакистандан келген канча жаран иштөөгө уруксат алышкан?

Тема боюнча

ЖК депутаттары тигүү тармагынын көйгөйлөрүн талкуулашты

ЖК депутаттары тигүү тармагынын көйгөйлөрүн талкуулашты

20.01.2026

— Эмгек министрлиги элди жумуш менен камсыз кылуу, ошондой эле башка өлкөлөрдөн жумуш иштөөгө келген чет элдиктерге квота берүү менен дагы алектенет. Өткөн жылы 20 миңден ашык бош жумуш орундары бар эле, 2024-жылдын май айына карата 6 538 жумуш орундары бош турат.

Өткөн жылы мамлекеттик телеканалдардын жардамы менен кайсы жумуш орундары бош, кандай кесип ээлерине муктаждык бар экенин айтып каалоочуларды жумушка чакырганбыз. Тилекке каршы биздин жарандарыбыз кара жумуштарга иштөөгө көп умтулушпайт экен. Тигүү цехтери, курулуш иштеринде жумушчулардын тартыштыгы азыр деле бар.

Биздин жарандар көп учурда туруктуу иштебейт. Мисалы, тигүү цехтерине иштеп, үйрөнүп алгандан кийин өз алдымча ачам деп кетип калышат. Анысына деле каршылык жок, көпчүлүгү жумушка өз убагында келбейт, айлык маянасын алган күнү 2-3 күнгө жоголушат. Той-топур, туулган күнгө деле суранып кетишет.

Ал эми бизнес ээлерине жумушчулардын туруктуу иштөөсү маанилүү. Туруктуу иштебей, акчасын алгандан кийин кетип калгандардын айынан канчалаган ишкерлер банкрот болушат. Ошого байланыштуу чет элдик жарандардын кара жумуштарга иштөөсүнө квоталарды бергенге аргасызбыз.

— Канча чет элдик жаран Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат алган жана алар жумушуна кандай мамиле жасашат?

— Жалпысынан 5 миң 322 чет элдик жумушчуга иштөөгө тиешелүү уруксаттар берилген. Андан тышкары, КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын башынан бери Кыргызстанга Бангладештен 369, Пакистандан 6 миң 223, Индиядан 5 миң 376 студент билим алууга келген

Жеке бизнес ээлери чет элдиктер жумушуна так, өз убагында келип, айрым учурларда коюлган графигинен дагы ашыкча иштей турганын айтышат. Биздин жарандарыбыз көпчүлүгү Россия жана башка кошуна өлкөлөргө иштөөгө кетип, азыр туруктуу жайгашып алышкан. Кыргызстанга кайтып келип иштөө сунуштарыбыз дайым жоопсуз калат. Кыргызстанда жумуш орундары көп, жогоруда айткандай 6 миң 538 жумуш оруну бош турат, иштегенге жумушчу жок.

Биздин дагы жүз миңдеген, керек болсо миллиондогон жарандарыбыз башка элде, бөтөн жерде иштеп жүрүшөт. Адам бар жерде проблема, уруш-талаш, пикир келишпестик болот экен. Анын кесепетинен чыр-чатактар чыгат тура. Ошондуктан түндөгү болгон окуяга сабырдуулук менен мамиле кылсак. Биздин жарандарыбыз, бир туугандарыбыз дагы чет элде уруш-жаңжалдарга туш болот. Башкаларга кызуу кандуулук менен мамиле кылуудан алыс болуп, биздин дагы бир боорлорубуз бөлөк элде мусапыр болуп жүргөнүн эске алсак.

— Чогулгандар «чет элдиктер чыгып кетсин» деген талап коюп жатышат. Буга кандай карайсыз?

— Чогулгандардын арасында чыр-чатак чыгып, башаламандык болуп кетсе деп көздөгөн чагымчылдар дагы жок эмес. Алыста отуруп алып, интернет аркылуу улут аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрү менен отко май чачып, маашырланып, тамаша кылып карап отургандар дагы бар. Тиешелүү органдар аларды аныктап жатышат. Бизде ансыз дагы жумушчу күчү жетишсиз, аларды айдап жиберсек, анда майда ишканалардан тартып, ири кирешеге чыгып, мамлекетке салык төлөп жаткан ишканаларга, жеке бизнес ээлерине терс таасирин тийгизет. Өндүрүш токтойт. Бул мамлекеттин экономикасына олуттуу зыян алып келет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Бишкектеги чет элдик мигранттармассалык башаламандыкпакистандык студенттер Кыргызстандатигүү фабрикаларэмгек миграциясы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Беларусь ишканалары жана уюмдары өзбекстандыктарды жумушка чакырууда

Беларусь ишканалары жана уюмдары өзбекстандыктарды жумушка чакырууда

25.07.2026
ЖК депутаттары тигүү тармагынын көйгөйлөрүн талкуулашты

ЖК депутаттары тигүү тармагынын көйгөйлөрүн талкуулашты

20.01.2026
Кыргызстандын текстиль тармагы кризиске учурап, товарлар өз баасынан арзан сатылууда

Кыргызстандын текстиль тармагы кризиске учурап, товарлар өз баасынан арзан сатылууда

12.01.2026
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Пакистанга барды

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Пакистанга барды

04.12.2025
Чет өлкөгө “жеңил жумушка орноштурууга” убада берген шылуундар көбөйдү

Чет өлкөгө “жеңил жумушка орноштурууга” убада берген шылуундар көбөйдү

22.07.2025
Орусияда Кыргызстан эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи орунга чыкты

Орусияда Кыргызстан эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи орунга чыкты

07.04.2025
Түркияда нааразылык акциясы Анталияга чейин жетти

Түркияда нааразылык акциясы Анталияга чейин жетти

26.03.2025
Массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобу кармалды. Сүрөт

Массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобу кармалды. Сүрөт

13.11.2024
Профессор: Азыр Кыргызстанда акча бар, бирок андан да көп иштеш керек

Профессор: Азыр Кыргызстанда акча бар, бирок андан да көп иштеш керек

26.10.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.