Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Футбол: Улуттук кураманын тагдыры кандай болот?

  • Аналитика, Спорт
  • 18.01.2024 17:03

Loading

Азия Кубогундагы биринчи оюнду биздин Улуттук курам жеңилүү менен баштады. “Ак шумкарлар” “F” тайпасындагы жеңсе болот делген Таиланддын курамасына жеңилип, күйөрмандарын кубандыра алган жок. Алдыда дагы эки оюн бар. Анда биздикилер экөөндө тең жеңишке жетип, 6 упай топтосо кийинки турга өткөнгө укук алат. Бирок ага мүмкүнчүлүк жоктой турат. Анткени фаворит делген Сауд Арабия менен дагы бир күчтүү команда омандыктар турат. Алдыдагы оюндарда биздин Улуттук кураманы кандай тагдыр күтүп турат? Алдыда ушул тууралуу кыскача айтып берүүгө аракет кылабыз.

Мыктылардын жоктугу жеңилүүгө алып келдиби?

Кыргызстандын Улуттук курамасы ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогу үчүн беттештерди өткөрө баштады. 2019-жылы алгачкы жолу чыкканда орусиялык машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында мыкты оюндарды көрсөтүшкөнү белгилүү. Андагы оюндарда 8ден 1 баскычка чыга албай калса да, “Ак шумкарлар” бийик деңгээлдеги оюн көрсөтүшкөн.

Тема боюнча

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026

Бирок азыр словакиялык машыктыруучу Штефан Тарковичтин көрсөтмөсү менен ойногон футболчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алыша элек. Маанилүү делген оюндагы, мисалы: Дүйнөлүк мундиалга тандоо турунда 3:1 эсебинде жеңип баратып, бирок Малазиянын Улуттук курамына жеңилип калган учурду айтпаганда да, Азия Кубогундагы жеңсе болот деген Таиланддын футболчуларынан жеңилип, алгачкы оюнда эле упай жоготуусу – Тарковичке байланыштуу көп суроолорду көтөрдү.

Катардагы алгачкы беттеште эмнеге жеңилүү ызасын тарттык деген суроодо күйөрмандар Улуттук курамга белдүү футболчулардын чакырылбай калганын белгилешүүдө. Анткени азыркы Башкы машыктыруучу негизинен жаңы жүздөргө басым жасаган. Эмнеси болсо да, оюн жүрбөдү. Жыйынтыгы 0:2 эсебинде жеңилүүгө алып келди.

Алдыдагы оюндар кандай болот?

Алдыда биздин “Ак шумкарлар” Сауд Аравиясы жана Омандын Улуттук курамалары менен кез келет. Бирок буларды жеңип, упай алат деген божомол аз. Анткени Сауд Аравиянын оюнчулары тайпада эле эмес, бул биринчиликте ат салышып жаткан 24 команданын фаворити катары көрсөтүлүп жатат. Анын үстүнө күчтүү команда экени да белгилүү. Ал эмес, белгилүү Opta статистикалык платформасынын суперкомпьютери аларды Азия кубогун жеңүүгө 10,6 пайыз шансы бар деп, 5-орунга жайгаштырган. А Кыргызстандын Улуттук курамасынын шансы 0.2 пайыз экенин боолголоп, 24 команданын ичинен 21-орунга койгон.

Бирок оюн деген оюн. Анткени Сауд Аравиясынан статистикалык көрсөткүч маалыматтары жагынан төмөн болгон Омандын курамасы аларды аз жерден жеңип ала жаздады. Бул эки Улуттук курамалардын бул чемпионаттагы биринчи беттешинде Оман 1:0 эсебинде жеңип баратып, оюндун дээрлик акырында 1:2 менен жеңилип калды. Демек, күчтүү команда күчтүүлүгүн көрсөттү. Эмне болсо да, омандыктар жеңишке жетебиз деп өтө катуу берилүү менен ойношту.

Ал эми кыргызстандык оюнчулар Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу турунун алкагында өткөн беттеште Омандын курамасын мурунку айда 1:0 эсебинде өз үйүндө жеңип алган. Бул катуу эмгектин эсебинен болду десе да болот, дебесе да болот. Анткени аларды Сауд Аравиясы менен ойногон акыркы оюнун эске алганда, омандыктарды алдыда жеңүү оңойго турбайт. Эмне болсо да, биздин футболчулар аракетин күчөтүш керек.

Күйөрмандардын таарынычы…

Азия Кубогу үчүн беттешке экинчи ирет чыккан Улуттук кураманы күйөрмандар катуу колдошту. Бирок жеңилүү менен аяктаган оюндан кийин алардын таарынычы күчөдү. Көптөр жогоруда айтылгандай, Башкы машыктыруучуга нааразычылыгын билдиришсе, айрымдар оюнчулардын аракетине ичи чыккан жок. Эмнеси болсо да бул оюнда “Ак шумкарлардын” оюну жүрүшкөн жок.

Биринчи беттештен кийин оюнга комментарий берген Башкы машыктыруучу Штафан Тарковичтин айткан анализине ишенсек, Таиланд биздин курама менен бирдей ойногон команда болчу. А күйөрмандар, “анда эмне үчүн, жок деген тең чыгууга мүмкүнчүлүк болгон жок”,-деген суроону коюп жатышат. Ушул жерде дүйнө мамлекеттеринин Улуттук курамдарынын 2023-жылдын декабрь айынын акырына алынган FIFAнын рейтинги боюнча – Таиланд 10 тепкич жогорулап, 113-орунга жайгашса, Кыргызстан 1 тепкич артка кетип, 98-орунга түшкөнүн эске сала кетиш керек.

Анткен менен күйөрмандар Улуттук курамга күйөрмандык кылуусун ушуну менен токтотуп койбойт. “Ак шумкарларды” мындан ары да колдой беришээри турган иш. Бирок, ишенимдүү жеңишке жетебиз деп, анча күчтүү эмес команда менен ойногондон кийин, биздин футболчулардын башкы милдети – жеңишти камсыз кылуу болчу. Эми алдыда да күйөрмандык кылуу уланат. Ал эми биздин курама мыкты оюн көрсөтүп, жеңиштерди камсыз кылуусу шарт!

А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Азия кубогуАк шумкарКыргызстанфутбол
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

16.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

06.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.