5-сентябрда Ирандын Исфахан шаарында 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу этабынын 3-раундагы биринчи беттеш өттү.
Беттештин 34-мүнөтүндө Эржан Токотаевдин катасынан пайдаланган ирандык чабуулчу Мехди Тареми топту дарбазага киргизип, эсепти ачты.
Экинчи таймда “акшумкарларда” гол жаратууга бир топ ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр болду. Кайрат Жыргалбек уулу эки жолу алыскы аралыктан кооптуу сокку узатса, 85-мүнөттө Кожо Жоел дарбазачы менен жекеме-жеке чыгып, бирок ага ийгилик жылмайбады.
Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, Иран курамасы 3 упайга ээ болду.
Эми 10-сентябрда 2-турдун оюну өтөт. Анда Улуттук курама, Ташкентте биринчи турда Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп алган Өзбекстан курамасы менен беттешет.















