Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалында алтын медаль утту.
Спортчу 90 кг склмак даражасында беттешти.
Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип финалга жолдомо алды.
Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до болду.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу өзбексстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жеңүүчү болду. Бул Азия оюндарындагы Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы медаль.
Белгилей кетсек, 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 200дөн ашык спортчулар жана машыктыруучулар катышып, спорттун 23 түрүнөн ат салышууда.