Дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Турнир 19-24-май күндөрү Абу-Дабиде өтүүдө.
Муну менен Эрлан Шеров кыргыз дюздо тарыхындагы дүйнө чемпионатынан байге уткан алгачкы дзюдочу болуп калды.

90 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шеров мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгакы эки беттешин жеңип, бирок жарым финалда япониялык балбан Тажима Гокиге утулуп калды. Ал эми коло медаль үчүн беттеште италиялык балбанды жеңип алды.
Аталган мелдешке 107 өлкөдөн 658 дзюдочу катышкан.
Ага Кыргызстандан чемпионатка 5 спортчу катышты: Айбек уулу Кубанычбек (66 кг чейин), Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг чейин), Асад Масабиров (81 кг чейин) жана Адина Көчкөнбаева (63 кг чейин) мелдештин алгачкы этаптарында жеңилип калышкан.



















