Кыргызстанда 2024-жылдын жазынан тарта чет элдик тасмалар кыргыз тилиндеги субтитрлер менен көрсөтүлө баштайт.
Бул тууралуу “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик кино борбору” мекемесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, чет элдик тасмалардын ири дистрибьюторлору “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору менен 2024-жылдын жазынан тарта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлө турган бардык чет элдик тасмалар кыргызча субтитрлер менен көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө макулдашышкан.
Аталган кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков чет элдик тасмаларды кыргыз тилине дубляждоо маселеси боюнча алгачкы кадам ташталганын билдирди.
Анын айтымында, баштапкы этапта эң оптималдуу вариант бул – субтитр менен коштоо, себеби дубляж жана синхрондуу котормо чоң бюджетти талап кылат.