Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Жапаров: “Европа, Америкадан “качкын” макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, элиңди жамандаба”

  • Коом
  • 13.11.2024 16:05

Loading

Добуштар уурдалат, шайлоо жыйынтыгы бурмаланат дегенге негиз жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, азыр шайлоолор мурункудай эмес, “карусель” аркылуу бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар жок жана бардык процесстер автоматташтырылган.

Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат.

Тема боюнча

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026

“Бир шайлоо тилкесинен бир добуш берип, анан кайра башкасына бара коюп добуш берем деген “карусель фокустар” өтпөйт.

Санарип системасы тигил же бул жаран кайсыл шайлоо тилкесинен добуш бергенин дароо көрсөтүп коёт.

Өлкө боюнча баардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо камералары коюлган.

Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат.

Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок.

Мунун баары эмнеге жасалып жатат?

Элибиздин эң башкы конституциялык укугун ишке ашыруусун камсыз кылуу үчүн жасалып жатат.

Шайлоолордун чоң, кичинеси болбойт.

Жергиликтүү эле кеңештердики деп жээрибеңиздер”, – деди өлкө башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров 17-ноябрда шайланып келген депутаттар жер-жерлерден Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашарын, андыктан Элдик Курултайдын курамдык сапаты жарандардын шайлай турган депутаттарынан көз каранды болорун кошумчалады.

1 of 5
- +

1.

2.

3.

4.

5.

“Курултайда кайсыл гана маселе болбосун көтөрүп чыга алышат.

“Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда” деген айрым “журналист сымалдар, блогер сымалдар” бар.

Ошолорго айтаарым: өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер.

Өзүңөрдүн эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бериңиздер.

Биз силерден кача турган суроо жана маселе жок.

“Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти” деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон “блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар”, Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар.

Курултайдын делегаттарын шайлоого бийлик, мамлекеттик түзүмдөр кийлигишпейт.

Элдик Курултай бул бийлик менен элдин ортосундагы диалог.

Мындан артык дагы кандай диалог керек силерге?

Өткөн Курултайларда айтылган көйгөйлөрдү чечип келе жатабыз. Ошол эле мектеп, бала бакча, турак жай маселелери айтылган. Бул багытта кандай иштер аткарылганын жана аткарылып жатканын билесиздер.

Бул айылда, тигил шаарда жол начар, ал жок, бул тартыш дегендердин баардыгына көңүл буруп, аткарып келе жатабыз.

Дагы бир жолу кайталайм, Курултайда делегаттар каалаган маселесин көтөрө алат.

Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет.Каалаган сөзүңдү ачык айта бер. Элдин баары эле айтып атат. Эч кимге тыюу жок. (Азаттык, Кактус, Политклиника, Клооп сыяктууларга тиешелүү)

Болгону жалган айтпа, бирөөгө курулай жалаа жаппа, жеке абройуна шек келтирбе. Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа.

Европа жана Америка өлкөлөрүнөн “качкын” макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, өз элиңди жамандаба”, – деди президент.

Мындан тышкары мамлекет башчысы кыргызстандыктарды 17-ноябрдагы шайлоолорго активдүү катышууга, андан кийин Элдик Курултайдын делегаты болуп келип, элди түйшөлткөн, элге пайда бере турган маселелерди көтөрүүгө чакырды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Жергиликтүү кеңештерге шайлооС. ЖапаровЭлдик курултай
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026
 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

29.05.2026
С. Жапаров М. Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү

С. Жапаров М. Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү

26.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.