Eurasiatoday
Ишемби, 09-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эл да кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөшүүсү керек

  • Аналитика
  • 09.10.2023 17:43

Loading

Бир жуманын ичинде Кыргызстанда бери дегенде 32 жылдан бери же коомчулук күтпөгөн окуя болду. Ал бир нече жылдан бери өлкөдөгү ишкерлерди бычактын мизинде кармап, тиешелүү суммада салык салып турган  кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Камчы Көлбаевдин 4-октябрда чак түштө борбор калаада жок кылынышы болду.

Бул окуяга бир жактуу эмес, эки жагдайда баа берүү керек. Биринчиси, адам катары К. Көлбаевдин УКМКнын маалыматы боюнча куралдуу каршылык көрсөткөндүгү үчүн атып өлтүрүлүшү аянычтуу көрүнүш болду. Кылмышкер болсо да үй-бүлөсү, апасы, бир туугандары жана жакындары кайгыга батып, аза күтүп жатышат. Экинчиден, мамлекетибиз, эл мындан ары да бир ууч кылмыштуу топтун чеңгелинде ушундай “барымта” болуп жашай алат беле?

Тема боюнча:

Өзбекстандын кримтөбөлү  Салим Абдувалиев (“Салимбай байбача”) кармалды

Өзбекстандын кримтөбөлү  Салим Абдувалиев (“Салимбай байбача”) кармалды

05.12.2023

Менимче жок. Бул көрүнүш акырындап тамыры чириген дарактай мамлекетибизди түбүнөн чиритип, келечекте жок болушуна, жок эле дегенде алсырашына алып келмек. Себеби бир да жергиликтүү бизнесмен, ишкерлер анын “батасын” албай туруп иш кыла албай калышкан жана бул кылмыштуу “общакка” ай сайын кайсы бир сумманы төлөп турушкан. Ал тургай чет элдик ишкерлер да эгер Кыргызстанда бизнес жасаймын десе, Көлбаев аркылуу (мамлекеттик органдар эмес) “отметка” болуп турушкан.

Кылмыш дүйнөсүнүн өзүнүн эрежеси болот. Алар мамлекеттин саясатына аралашпайт. Бирок өткөндө эле өлкөбүздүн бир жетекчиси айыл өкмөт башчыларына чейин Көлбаевдин макулдугу менен же анын адамдары кызматка келип калгандыгын айтты эле. Демек, райондордун акимдери, облус жетекчилери, министрлер менен дагы башка майлуу-сүттүү мекемелердин жетекчилери оболу кылмыш дүйнөсүнүн “беседасынан” өтүп, андан соң кызматка дайындалып турушкан. Керек болсо Жогорку Кеңешке болгон шайлоону да “каралар” көзөмөлдөп, шайлоочуларды коркутуп же сатып алып, өздөрүнүн адамдарын Парламентке шайлатып келишкендиги да жашыруун эмес. Азыркы Жогорку Кеңештин курамында да кылмыш дүйнөсүнүн жардамы менен мандат алган депутаттар бар. Айтор, маркум К. Көлбаев Кыргызстандын көмүскө кожоюну болуп калган.

Тилекке каршы мындай көрүнүш мамлекетибиздин эл аралык аброюн гана түшүрбөмтөн, экономикалык жактан алсыратып, чет элдик инвестициянын келишине тоскоолдук жаратып келген. Ар бир инвестор өзү ишмердүүлүгүн жүргүзө турган өлкөгө барардан мурда оболу андагы бейпилдикти, мыйзамдуулуктун канчалык деңгээлде сакталарын изилдейт эмеспи. Башкасын айтпаганда да, К. Көлбаевдин кылмыштуу тобу Кумтөр баш болгон ири алтын кендеринен, белгилүү компаниялар менен ишканалардан өз “шыбагасын” алып турган.

Ал эми УКМК бүгүн, 9-октябрда К. Көлбаевдин байлыгын жарыялады. Бир эле өтө кымбат, ок өтпөс машиналары өзүнчө парк экен. Орточо баалары 600 миң доллар. Бишкек шаары менен Чолпон-Атадагы хансарай, пансионат, ресторандарына сан жетпейт. Демек, ал ишкер, бизнесмендерден “салык” алгандан тышкары өзү да бизнес менен алектенип келиптир. Жалпысынан бүтүндөй мамлекетибиздин 20% байлыгы анын колунда экен.

Эмне үчүн бизнесмендер К. Көлбаевге тапкан кирешесинин бир бөлүгүн берип турушкан? Себеби алар мыйзамсыз иш жүргүзүшөт жана салык төлөөдөн качышат. Ошон үчүн кылмыштуу дүйнө менен достошуп, алардын көңүлүн алуу менен “крыша” катары пайдаланышат. Мындан тышкары атаандаштарды (конкурет) кылмышкерлердин күчү менен коркутуп-үркүтүп, бизнесине жол ачат. Андыктан УКМК төрагасы К. Ташиев мындан ары кылмышкерлерге акча берген ишкерлер да жоопко тартылары тууралуу билдирүүсү эң туура болду.

Анда К. Ташиев мындай деп айтты:

Урматтуу кыргызстандыктар!
Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз.

Кимде-ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар.

Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат.

Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла.
Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз.

Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт”.

Бирок президент С. Жапаров менен УКМК төрагасынын мындай коомубузду сүлүк курттай 32 жылдан бери соруп келаткан кылмышкерлерге карата күрөшүн жалпы эл колдош керек. Ансыз  коомубуздагы бул илдетти жеңүү кыйын болот.

Ар бир жаран кылмышкерлерге жан тартып, социалдык тармактарда же көчөдө ар кандай терс пикирлерди жаза бербей, кайра ашкерелеш керек. Качан гана жалпы эл кылмышкерлерге жапыр каршы күрөшкөндө алар түп тамыры менен жок болот.

Эмилбек Момунов.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Камчы Көлбаев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ысык-Көл облусунда К. Көлбаевге (К. Асанбек) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда К. Көлбаевге (К. Асанбек) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

05.12.2023
Өзбекстандын кримтөбөлү  Салим Абдувалиев (“Салимбай байбача”) кармалды

Өзбекстандын кримтөбөлү  Салим Абдувалиев (“Салимбай байбача”) кармалды

05.12.2023
Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Криминал менен эч ким мынчалык күрөшкөн эмес»

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Криминал менен эч ким мынчалык күрөшкөн эмес»

25.11.2023
К. Көлбаевди пайдаланып, “Иттипак” диаспорасынын сүткорлору эбегейсиз байлык топтогон

К. Көлбаевди пайдаланып, “Иттипак” диаспорасынын сүткорлору эбегейсиз байлык топтогон

24.11.2023
УКМК: “ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

УКМК: “ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

24.11.2023
Көлбаевдин апасына 6 брондолгон унаа катталган

Көлбаевдин апасына 6 брондолгон унаа катталган

23.11.2023
Мындан ары Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, Женго дегендер  болбойт 

Мындан ары Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, Женго дегендер  болбойт 

23.11.2023
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

22.11.2023
Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: “Көлбаевден конфискациаланган батирлер журналисттерге берилсин!”

Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: “Көлбаевден конфискациаланган батирлер журналисттерге берилсин!”

21.11.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.