Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгана карата, Ош шаарында өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген өнөр ээлери «Ыр майрам», «Эл казынасы» деп аталган заманбап жана элдик ырларды аткарган музыка сынагында күч сынашты. Алар Кыргызстандын жети облус жана эки шаарынан топтолгондуктан, «Түштүк базары» республикалык көргөзмө-сынак жарманкеси өтүп жатат.
Андан сырткары, “Тогуз ордо” аймагында облустардын жана шаарлардын жеке тарыхын, тарыхый эстеликтерин, маданий жана социалдык өзгөчөлүгүн, кооз табиятын, социалдык, адеп-ахлактык темалары чагылдырган “Жергемдин жети керемети” фото көргөзмөсү өтүүдө.
Ошондой эле “Жер эненин жемиши” аттуу айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Анда облустун бардык райондорунан келген азык-түлүк өндүрүүчөлөр өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Жарманкеге коюлган азык-түлүктөр арзан баада болгондуктан, алуучулар кезектешип соода кылышууда. Ал эми бул иш-чарага катышканы келген элдин саны арбын болду.
Мындан сырткары, архитектуралык-конструктордук институттардын жана ийримдердин макеттери коюлган “Кыялымдагы шаар”, электрондук-робото-техника ийримдеринин макеттери “Футурама”, жеңил өнөр-жай, чакан ишканалардын, тигүү цехтеринин продукциялары коюлган «Сарпай» жарманкеси, эл керектөөчү, турмуш тиричилик продукцияларын өндүрүп жаткан жергиликтүү ишканалар, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын «Өнөркана» көргөзмөсү да шаардыктар менен коноктордун назарына сунушталууда.