Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардын алдында расмий түрдө кечирим сурады.
Ал анын дарегине айтылган сындарды туура кабыл аларын белгиледи.
«Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине, эл шайлаган депутаттардын ыйгарым укутарына жана макамына, жалпы элдик бийликке жана демократияга шек келтирүү укугум да, ниетим да болгон эмес. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, саясатта, коомдук турмушта жана басып өткөн жолумда дайыма элдик бийлик, демократия, чынчыл жана таза бийлик үчүн күрөшүп келгем. Мен эмоцияга алдырып койгондугум үчүн сиздерден расмий түрдө кечирим сурайм”, — деди ал.
Байсалов ошондой эле буга чейин да ал маалымат каражаттары аркылуу кечирим сураганын айтып, мындан ары да конструктивдүү иш алып барышарына ишеним артарын билдирди.
Эске салсак, Эдил Байсалов менен айрым эл өкүлдөрү кайым айтышып, андан соң депутаттар өкмөт мүчөсүн кызматтан кетүү маселесин көтөрүшкөн.