Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндөн кийин Евробиримдик энергетикалык инфраструктураны жана азык-түлүк коопсуздугун коргоого багытталган ок атышууну токтотуу демилгесин колдой турганын билдирди.
Ал Зеленский менен 11-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.
Анын айтымында, ал ага украин эли менен тилектештигин жана Зеленскийди толук колдой турганын айткан. Бул тууралуу фон дер Ляйен Х социалдык тармагына жазган.
ЕБдин төрагасы келерки аптада Украина Европа Кеңеши үчүн артыкчылыктуу тема болорун белгиледи. Алар Киевдин келерки жылга каржылоо муктаждыктарын жана Украинага жаңы глобалдык колдоону кантип мобилизациялоону талкуулоону пландаштырууда.
Ал ошондой эле ушул жумада Киевдин абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарды алууга кошумча каражат бөлүнөрүн билдирди.
Бул билдирүү АКШнын президенти Дональд Трамп Москва менен Киевдин ортосунда энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу боюнча макулдашууга тез арада жетишилгенин айткан учурда жасалды.
Трамп 11-октябрда Орусия менен Украина бири-биринин энергетикалык объектилерине кол салууну токтотууга макулдашканын билдирген.
“Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта бизде энергетикалык ок атышууну токтотуу келишими бар, ал дароо күчүнө кирет”, – деп жазган ал TruthSocial социалдык медиа платформасында.
Трамптын айтымында, “эки тарап тең буга макул”. АКШнын президенти бул келишимдерди сактоого да чакырган.
Бирок Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай келишим тууралуу маалыматы жок экенин билдирген.
“Бул билдирүү мен үчүн жаңылык болду. Бирок эгер Орусия энергетика тармагында ок атышууну токтотууга макул болсо, Украина да макул болот”, — деген ал.
Москвадан азырынча эч кандай комментарий боло элек.
















