Иран менен «евроүчтүк» (Франция, Улуу Британия, Германия) Женевада өткөн өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдө жолугушууларды улантуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас билдирди.
«Биз сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдаштык, сүйлөшүү процессин ачык кармоо абдан маанилүү», — деди Каллас сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин. Ал ядролук маселеден тышкары «бизде бар кеңири маселелер» дагы талкууланарын белгиледи.
Калластын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү эч кимге пайда алып келбейт.
Германиянын тышкы иштер министри Йохан Вадефул болсо, британ жана француз кесиптештери менен биргеликте сүйлөп жатып:
«Бүгүнкү жакшы жыйынтык – Иран тарап бардык маанилүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирип, жолугушуу залынан чыкканы», — деди.
Анын айтымында, тараптар «абдан олуттуу сүйлөшүүлөрдү» өткөрүштү. Ал АКШ да бул талкууларга жана акыркы чечимдерге катышуусу маанилүү экенин кошумчалады.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро:
Иран ТИМ башчысы Аббас Аракчи бардык маселелерди, анын ичинде мурда талкууланбаган темаларды да көтөрүүгө макул болгонун жана бүгүн башталган диалогду улантууга даяр экенин көрсөткөнүн» билдирди. Ошондой эле, Европа өлкөлөрү жана АКШ бул жараянга көмөк көрсөтүшү керектигин белгиледи.
Барронун пикиринде, Ирандын өзөктүк маселесин аскерий жол менен чечүү мүмкүн эмес.
«Аскерий операциялар бул маселени убактылуу токтотушу мүмкүн, бирок толугу менен жоюуга жарабайт», — деди ал.
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми болсо Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экенин билдирди жана Тегерандын АКШ менен да сүйлөшүүлөрдү улантуусун кааларын белгиледи.
«Биз ачык айттык: Иранда өзөктүк курал болбошу керек», — деп баса белгиледи Лэмми.
Анын айтымында, Европа менен АКШнын максаты — Иранды уранды байытууну токтотууга көндүрүү. Бирок Ирандын энергетикалык муктаждыктары тууралуу талкууларга жол берилет. Учурда «дипломатиялык чечим табуу үчүн эки апталык мүмкүнчүлүк терезеси бар» деп кошумчалады министр.
Аббас Аракчи сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин журналисттерге билдирүү жасап, «евроүчтүк» жана ЕБ менен жолугушууларды улантууну колдоорун айтты. Ал Иран жаңы сүйлөшүүлөр раундуна жакынкы келечекте катышууга даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле, ал Израилдин Ирандын ядролук объектилерине жасаган чабуулдарын кескин айыптап, Европа өлкөлөрүнүн бул маселеде ачык позициясын билдирбей жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.
Сүйлөшүүлөр Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен европалык өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын ортосунда 20-июнь күнү Женевада өтүп, үч сааттан ашык убакытка созулган.















