Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатындагы алгачкы оюнунда Колумбиядан 3:1 эсебинде жеңилип калды.
Беттеш Мексиканын борбору Мехико шаарындагы “Ацтека” стадионунда өттү. Оюнду англиялык калыс Энтони Тейлор жетектеген калыстар тобу тейледи.
Эсепти биринчи болуп колумбиялыктар ачышты. Оюндун 41-мүнөтүндө коргоочу Даниэль Муньос Мехия Өзбекстандын дарбазасына гол киргизип, командасын алдыга чыгарды.
Ошентип биринчи тайм түштүк америкалык команданын пайдасына 1:0 эсебинде аяктады. Тыныгуудан кийин Өзбекстан эки оюнчуну алмаштырды. Насруллаев менен Уруновдун ордуна Хамдамов жана Сайфиев талаага чыгышты.
Оюндун 60-мүнөтүндө Өзбекстан эсепти теңөөгө жетишти. Чабуулчу Аббосбек Файзуллаев башы менен таамай сокку узатып, эсепти 1:1 кылды.
Бирок арадан беш мүнөт өткөндөн кийин Колумбия кайрадан алдыга чыкты. Германиянын “Бавария” клубунда ойногон чабуулчу Луис Диас гол киргизип, эсепти 2:1ге жеткирди.
Беттеш соңуна жакындаганда жарым коргоочу Хаминтон Кампас Колумбиянын үчүнчү голун жаратып, команданын жеңишин бекемдеди. Натыйжада оюн 3:1 эсебинде Колумбиянын пайдасына аяктады.
2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексика өлкөлөрүндө өтүүдө.
Өзбекстандын курама командасы Борбор Азиядан Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алган биринчи курама команда болду. Өзбекстандык футболчулар кийинки оюнун 23-июнда Португалияга каршы өткөрөт.
К тайпасындагы дагы бир оюнда Португалия менен Конго Демократиялык Республикасынын курама командалары 1:1 эсебинде тең чыгышты.
Биринчи турдан кийин Колумбия 3 упай менен тайпанын сап башына чыкты. Португалия жана Конго Демократиялык Республикасы курамаларында бирден упай бар. Өзбекстан болсо азырынча тайпалык таблицанын акыркы сабында жайгашууда.


















