Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө чек аралардын жабылышы натыйжасыз деп эсептейт.
ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус кирүүгө чектөөлөр инфекциянын жайылышын убактылуу гана жайлатып, Эбола вирусунун көйгөйүн чечпей турганын билдирди. Ал уюм Эболадан улам чек араларды жабууну сунуштабай турганын баса белгиледи.
Гебрейесустун айтымында, мындай чаралар кыска мөөнөттүү гана таасир этип, бир нече күнгө созулушу мүмкүн, бирок оорунун жайылышын натыйжалуу токтотууга жөндөмсүз.
ДССУ Эбола вирусуна каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу санитардык чараларды тез арада ишке ашыруу, медициналык көзөмөлдү күчөтүү жана эпидемия чыккан жерлерде тез жардам көрсөтүү деп эсептейт.
ДССУнун башчысынын билдирүүсү бир катар африкалык өлкөлөрдүн чек ара көзөмөлүн күчөтүү чечимдеринин алкагында жасалды. 27-майда Уганда бийлиги Эболанын жайылуу коркунучун азайтуу үчүн Конго Демократиялык Республикасы менен чек арасын убактылуу жаап жатканын жарыялаган. Руанда дагы чек арасын жаап, Замбия чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн медициналык текшерүүнү киргизди.
Буга чейин ДСУ Эболанын дүйнө жүзү боюнча жайылуу коркунучун баалаган.
Ebola Virus Disease — адамдарда жана айрым жаныбарларда кездешүүчү өтө кооптуу жугуштуу оору. Ал көбүнчө Африка өлкөлөрүндө катталган.
Кыскача маалымат
- Козгогучу: Эбола вирусу
- Жугуу жолу: оорулуу адамдын каны, шилекейи, териси же башка дене суюктуктары аркылуу
- Белгилери:
- жогорку температура
- катуу алсыздык
- булчуң ооруу
- кусуу жана ич өткөк
- айрым учурда ички жана тышкы кан кетүү
Дарылоо жана алдын алуу
- Оорулуулар сөзсүз ооруканада дарыланат.
- Эрте медициналык жардам өмүрдү сактап калууга жардам берет.
- Колду таза кармоо жана оорулуу адамдар менен түз байланыштан сактануу маанилүү.
- Азыр айрым вакциналар колдонулууда.
Маанилүү факт
Эбола вирусу биринчи жолу 1976-жылы Африкадагы Эбола дарыясынын жанында аныкталган.
















