Конго Демократиялык Республикасында Эболадан 181 адам көз жумду.
Конго Демократиялык Республикасында (КДР) Эбола геморрагиялык ысытмасы менен ооругандардын тастыкталган саны 782ге жетти. Өлкөнүн өкмөтүнүн маалыматына таянган Reuters агенттигинин билдиришинче, акыркы сутка ичинде 72 жаңы учур катталган.
Акыркы маалыматтар боюнча, оорудан 181 адам каза болгон. Оорунун жайылышы азырынча КДРнын чыгышындагы үч провинция — Итури, Түндүк Киву жана Түштүк Киву менен гана чектелүү. Бирок бул аймактарда Эболанын жайылуу зоналары акырындык менен кеңейүүдө.
17-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада Эбола оорусунун чыгышына байланыштуу саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Таралып жаткан Бундибугио штаммына каршы азырынча расмий түрдө бекитилген дарылоо ыкмалары да, вакциналар да жок. Ошондуктан бейтаптарды обочолонтуу, организмдеги суюктуктун жоготуусун толуктоо жана ооруну басаңдатуу сыяктуу паллиативдик медициналык жардам өтө маанилүү болуп эсептелет.
Оорунун учурлары КДРнын үч провинциясында жана Угандада тастыкталган. Саламаттык сактоо кызматкерлери жана гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү беткаптар сыяктуу эң зарыл медициналык каражаттар жетишсиз болуп жатканын билдиришүүдө. Ошондой эле аймакта медициналык кызматкерлердин саны да жетишсиз.
Буга чейин Эболага каршы күрөшүү үчүн орусиялык дарыгерлерди Африкага жөнөтүү чечими кабыл алынганы маалымдалган.
















