2026-жылдын май айында Конго Демократиялык Республикасында (КДР) башталган Эбола вирусунун жайылышы дагы төрт өлкөгө жетти. Өлкөнүн өзүндө бул илдетке чалдыккандардын саны 9,5 миңден ашып, алардын 4,6 миңден көбү каза болду. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Associated Press маалыматына таянып билдирди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, бул эпидемия байкоолор тарыхындагы эң тез жайылган учур болуп калды. Оору Борбордук, Чыгыш жана Батыш Африка өлкөлөрүндө, ошондой эле Францияда катталган.
Эпидемиянын себеби Эбола вирусунун сейрек кездешүүчү Бундибуджио варианты экени айтылууда. Ага каршы азырынча расмий жактырылган вакцина же атайын дарылоо ыкмасы жок.
Нигерияда жаңы учур катталды
Эбола вирусу акыркы жолу Нигерияда аныкталды. Өлкөнүн борбору Абуджага Угандадан келген аялдан инфекция табылган. Анын алгачкы белгилери 7-октябрда пайда болуп, 11-октябрда жеке клиникага жаткырылган.
Нигериянын саламаттык сактоо министри Мухаммад Пате бейтап менен байланышта болгон 44 адам аныкталганын билдирди. Учурда өлкөнүн бийлиги инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө чараларын көрүүдө.
Уганда менен Кениядагы абал
Угандада Эбола эпидемиясы 2026-жылдын май айында коңшу Конго менен бир мезгилде катталган. Өлкөдө жалпысынан 20 учур аныкталып, эки адам каза болгон. Дагы 18 бейтап айыгып чыккан. ДССУ 27-августта Угандадагы эпидемия аяктаганын жарыялаган. Андан бери жаңы учур катталган эмес.
Кенияда биринчи учур 6-октябрда Конгодон Уганда аркылуу келген эркек кишиден аныкталган. Кийин ал каза болгон.
Учурда Кенияда жуктургандардын саны тогузга жетти. Алардын арасында биринчи бейтаптын төрт тууганы жана төрт медицина кызматкери бар. Бийлик 135 байланышка чыккан адамды аныктап, алардын 134үн карантинге алган.
Францияда да катталган
Африкадан тышкары Эбола вирусу Францияда аныкталган. Июнь айында Конгодогу гуманитардык миссиядан кайтып келген дарыгерден инфекция табылган. Дарылангандан кийин ал айыгып, 4-июлда медициналык мекемеден чыгарылган.
Адистердин баамында, вирустун жайылышына каршы күрөштөгү негизги көйгөйлөрдүн бири — ооругандарды өз убагында аныктоо. Айрым учурларда диагноз алгачкы белгилер пайда болгондон бир топ убакыт өткөндөн кийин же бейтаптар башка өлкөлөргө өтүп кеткен соң гана тастыкталган.
Буга чейин Конго Демократиялык Республикасында Эболадан ар бир 30 мүнөт сайын бир адам каза болуп жатканы кабарланган.
















