Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДСУ) уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус аймактык деңгээлде Эболанын жайылуу коркунучун жогору деп баалады.
РИА Новости билдиргендей, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Эболанын жайылуу коркунучу аймактык деңгээлде жогору деп бааланганын билдирди.
“Биз тобокелдикти аймактык жана улуттук деңгээлде жогору, бирок глобалдык деңгээлде төмөн деп баалайбыз”, – деди ДССУнун башчысы Женевада өткөн басма сөз жыйынында.
Гебреисустун айтымында, азырынча Эбола инфекциясынын 600дөн ашык шектүү учуру жана вирустан 139 шектүү өлүм катталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул сандар мындан ары да өсө берет деп болжолдойт.
17-майда Конго Демократиялык Республикасында (КДР) жана Угандада Эболанын жайылышына байланыштуу коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланган. ДССУнун маалыматы боюнча, инфекциянын эл аралык деңгээлде жайылышы буга чейин эле тастыкталган. Уганданын борбору Кампалада Конгодон келген адамдарда лабораториялык жактан тастыкталган эки учур аныкталган, алардын бири өлүмгө алып келген.
















