Казакстандык дүйнөгө таанымал ырчы Димаш Кудайберген 2025-жылдын 5-октябрында АКШнын Нью-Йорк шаарында чоң программадагы жеке концертин берет.
Бул тууралуу ал өзүнүн расмий баракчасы аркылуу маалымдады.
Концерт атактуу “Madison Square Garden” концерттик залында өтөт. Бул сахна дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздар гана чыкчу эң белгилүү аянтчалардын бири катары саналат. Димаш бул жерге алгач ирет чыгып, өзүнүн “Stranger” деп аталган дүйнөлүк туру алкагындагы өзгөчө программасын тартуулайт.
Ырчынын айтымында, ал бул концертке классика менен заманбап музыканы айкалыштырган неоклассикалык чыгармаларын алып чыгат.
Белгилүү болгондой, Димаш – ырчы гана эмес, композитор, мультиинструменталист жана продюсер катары да таанылган чыгармачыл инсан.
Учурда анын концерине билеттер сатыкка чыкты. Он-лайн сатыктагы азыркы эң кымбат билеттин баасы 3571 долларды көрсөтүүдө.
Димаш Кудайберген буга чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө өткөн “Мейкин Азия – 2025” эл аралык жаш музыка аткаруучуларынын фестивалына конок катары чакырылып, күйөрмандарына жолуккан. Анда ага КР президенти Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы менен “КР Эл артисти” наамын ыйгарылды. Димаш 2013-жылы өткөрүлгөн “Мейин Азия” фестивалынын гран-прин жеңип алган.


















