Дүйнөгө таанылган казак ырчысы, I “Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүсү Димаш Кудайберген Кыргызстанга келди. Казакстандык аткаруучу Ысык-Көлдө өтүп жаткан “Мейкин Азия” IV эл аралык фестивалга ардактуу конок катары чакырылган.
Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасынан билдирди.
“Мейкин Азия” IV эл аралык Ысык-Көл фестивалы 20-июлда башталган. Ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген ырчылар катышууда. Алардын катарында Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия, Босния жана Герцеговина, Франция, Греция сыяктуу бир катар мамлекеттердин таланттуу аткаруучулары бар.
Султан Раевдин сөзүн төмөндө келтиребиз:
“Дүйнөлүк музыканын Мега жылдызы, азыркы учурдун N 1 ырчысы Димаш Кудайберген Чолпон-Атага, касиеттүү Көлгө, IV “ Мейкин Азия“ эл аралык музыка фестивалына келди!..
2013-жылы “Мейкин Азия” заманбап музыка фестивалынын биринчи Баш байге жеңүүчүсү, касиеттүү Ысык-Көлдөн өнөр жылдызы жарык жанган Димаш он эки жылдан кийин алгачкы жолу келип олтурат!.. Димаш бу он эки жыл аралыгында дүйнөдөгү эң атактуу ырчыга айланды, дүйнөлүк сахналардын Алтын үнүнө айланды… Музыкалык Олимпти багынтты.
Ага атайын атактуу композиторлор Игорь Крутой, Ренат Гайсин, Уолтер Афанасьев музыка жазды, дүйнөлүк атактуу сахналарда Пласидо Доминго, Хосе Каррерас, Лара Фабиан, Хаузер менен ырдады.
Димаштын концерттери дүйнөнүн түрдү бурчтарында жүз миңдеген көрүүчүлөр менен, аншлаг менен өтүп келет. Бирок Димаш менен кай жерде жолукпайлы, өзү катышкан алгачкы “Мейкин Азияны”, Кыргызстанды жылуу маанай менен, өзгөчө сүйүү менен эскерет: Ал “өзүм жете албай жатсам да, жүрөгүм дайыма Кыргызстан менен, Ысык-Көл менен, менин талантымды кастарлаган кыргыз музыка сүйүүчүлөр”менен деп бийик сый, бийик урматын байма-бай билдирип келет!
Бир куштун эки канатындай болгон, бир тууган кыргыз-казак достугунун алтын көпүрөсү Димаш Кудайберген “Мейкин Азия” фестивалынын сахнасында кайрадан өзүнүн керемет үнү менен жүрөктөргө нур чачат! Ал өзүнүн жүрөк сүйгөн ырларын кыргыз-казак элинин түбөлүк достугуна арнайт!
Дүйнөнү түрө таланты менен багынткан Димаштын “Мейкин Азияга” ардактуу конок болуп катышып жатканын, биз кыргыз элине, жерине, Ысык-Көлгө болгон улуу урматы, сыйы деп билебиз! Куш келиңиз, Димаш!”
Белгилей кетсек, “Мейкин Азия” фестивалы алгач 2013-жылы өткөн. Баш байгени казакстандык Димаш Кудайберген жеңип алган.






















