Музыкалык сынактын финалында көрүүчүлөр Израилдин катышуучусу Юваль Рафаэлди ызы-чуу менен тосуп алышты
БАЗЕЛЬ
Базелде өткөн 69-«Евровидение-2025» эл аралык музыкалык сынагынын финалында Австриялык ырчы JJ жеңүүчү болду.
17-майда өткөн финалда 26 мамлекеттин өкүлдөрү ат салышты.
Финал учурунда көрүүчүлөр Израилдин өкүлү Юваль Рафаэлди ызы-чуу менен тосуп алышты. Бул жол менен залда отургандар Газа секторундагы Израилдин геноцидине каршы нааразылыгын билдиришти.
Рафаэлдин чыгышы учурунда зал ичинде Палестинанын желектери желбиреди.
Конкурсту уюштурган Европалык Берүү Бирлиги (EBU) түз эфирде ызы-чуу үнүн кесип, анын ордуна кол чабууларды көрсөттү.
Израилдик ырчы сахнага чыгып жаткан маалда эки пропалестиналык активист сахнага чыгууга аракет кылышты.
Австриялык JJ «Wasted Love» аттуу ыры менен 436 упай топтоп, жүрөктөрдүн жана калыстардын добушунун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду ээледи.
Экинчи орунду – Израиль (357 упай), үчүнчүнү – Эстония (356 упай) алды.
69-«Евровидение-2025» эл аралык музыкалык сынагынын финалына төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты:
Норвегия, Люксембург, Эстония, Израиль, Литва, Испания, Украина, Улуу Британия, Австрия, Исландия, Латвия, Нидерланды, Финляндия, Италия, Польша, Германия, Греция, Армения, Швейцария, Мальта, Португалия, Дания, Швеция, Франция, Сан-Марино жана Албания.




















