Декабрдын аягында Санкт-Петербургда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин бейформал саммити өтөт. Бул тууралуу КМШнын баш катчысы Сергей Лебедев билдирди.
«28-ноябрда Астанада ЖККУнун мамлекет башчыларынын жолугушуусу, ал эми декабрь айынын аягында КМШ мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусу болот», – деди Лебедев. Бул тууралуу Беларустун БЕЛТА агентствосу маалымат берди.
Лебедев айрыкча Казанда көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар болгон БРИКС саммитин эске салды.
«Бардык баяндамаларда кызматташуубузду кантип бекемдеп, өркүндөтүп, кеңейте алабыз деген жаңы идеялар жана демилгелер айтылды. Негизги максат биздин өз ара аракетибиздин натыйжалуулугун жогорулатуу болду. Бүгүнкү күндө бул, өзгөчө КМШнын бардык мамлекеттерине киргизилген санкциялардын контекстинде актуалдуу», – деп кошумчалады ал.



















