22-майда Ашхабадда КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Ага даярдык маселесин 26-мартта Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Сердар Мухамметдурдыев КМШнын Аткаруу комитетинин делегациясы менен талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн тарап бул жыйын өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, аны шериктештик аймагында көп тараптуу кызматташууну чыңдоочу маанилүү аянтча катары баалап жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясий мекемеси маалымдады.
Тараптар алдыдагы жыйындын күн тартибин жана уюштуруу-протоколдук маселелерин кеңири талкуулашты.
Белгиленгендей, 2026-жылы КМШга төрагалык кылган мамлекет катары Түркмөнстан жыйындын тийиштүү деңгээлде даярдалышы жана ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат.



















