Министрлер Кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эки тараптуу жолугушуу МинКаб төрагасынын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында өттү.
Касымалиев президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Түркмөнстанга 21-майда барды.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында мамлекет жетекчилиги менен жолугушуу күтүлүүдө.























