2024–2025-жылдары Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттер өз ара эсептешүүлөрдүн 96 пайызын улуттук валюталарда жүргүзүштү.
КМШга мүчө өлкөлөр өз ара эсептешүүлөрдө дээрлик 100 пайыз улуттук валюталарды колдонуп жатышат, деп билдирди КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев.
«Акыркы маалыматтарга ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталардын үлүшү туруктуу өсүүдө. 2024–2025-жылдары бул көрсөткүч КМШ боюнча 96 пайызга, ал эми Евразия экономикалык биримдиги боюнча 93 пайызга жетти. Бул дедолларизациянын жана соодада улуттук валюталарды колдонууга өтүүнүн туруктуу тенденциясын көрсөтөт», — деди ал.
КМШнын башкы катчысы азыркы учурда эл аралык эсептешүүлөрдө дүйнөлүк валюталарды колдонуу активдердин жана транзакциялардын бөгөттөлүшү сыяктуу жогорку тобокелчиликтер менен байланыштуу экенин кошумчалады.
Лебедев ошондой эле КМШ алкагындагы активдүү экономикалык интеграция өз ара соодага оң таасирин тийгизип жатканын белгиледи. «Акыркы 4 жылда өз ара сооданын көлөмү 18 пайызга өстү, ал эми Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн жыйынды ички дүң өнүмү 2024-жылы 4,5 пайызга көбөйдү», — деди ал.
Шериктештиктин башкы катчысы болжол менен 15 жыл мурун кол коюлган эркин соода аймагын түзүү жөнүндө келишим КМШ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи. Лебедевдин айтымында, эркин соода аймагын түзүү товарлардын көпчүлүк категориялары боюнча бажы төлөмдөрүн нөлгө түшүрүүгө, ошондой эле КМШ алкагындагы өз ара соодадагы башка тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюуга мүмкүндүк берди.




















