Дарбазачы Мануэль Нойер Германия курама командасынан кеткендигин Instagram баракчасында жарыялады. Футболчу бул чечим ал үчүн оңой болбогонун жазган.
«Биз БАЭ курамасы менен ойногондо дебют кылганыма 15 жылдан ашык убакыт өттү. Анда мен абдан катуу толкундангам. Улуттук курама команда менен көп кыйынчылыктарды өткөрдүк», – деген ал.
38 жаштагы спортчу Германия курама командасынын 2014-жылкы дүйнө чемпионатында жеңишке жетишин карьерасындагы эң маанилүү учур деп атады.
Нойер 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында дүйнө чемпиону, Түштүк Африкада коло байге ээси болгон. Ал 2009-жылдан бери улуттук курама командада 124 беттеш өткөргөн.
2018-жылы Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Нойер дүйнөлүк чемпионатка чыгуу боюнча рекорд койгон. Ошентип ал дүйнө чемпионатында ар бири 18ден беттеш өткөргөн жердеши Зепп Майер менен бразилиялык Клаудио Таффарелдин жетишкендиктеринен ашып өттү. Бул рекорд 48 жылга созулган.

















