БИШКЕК, 25-март. — Eurasia Today. Соңку тапта президент Садыр Жапаров бийлик кризисинин алдын алып, мамлекеттик кызматкерлер резервинин эсебинен аймактык жетекчилерди ротациялоого басым жасоодо.
Дал ушундай таризде бекиген Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Данир ИМАНАЛИЕВди иш үстүндө кепке тарттык.
— Данир мырза, Сиз Ноокат райоунун акимдигине мамлекеттик кадрлардын резервинен дайындалгансыз. Өткън эки жыл аралыгында президент Садыр Жапаровдун ишенимин толук кандуу актадым деп эсептейсизби?
— Биринчиден, Кыргызстан – жалпыбыздын Мекенибиз. Ал эми аким — Президенттин командасы, мындайча айтканда, жоокери. Мамлекет башчысы бизди кайсыл жакка ишеним көрсөтүп жөнөтсө, ал вазийпаны абийирдүүлүк менен эмгектенип, Аймактын ар тараптуу жана ыкчам өнүгүүсүнө өбөлгө жаратканга биз түздөн-түз милдеткербиз!
Экинчиден, Ноокат районунун акимдигине эки жыл мурун дайындалганмын. Ушул тапта Аймактын булуң-бурчун кайрадан түрө кыдырып, жергиликтүү калк менен байма-бай жолугушуп жатамын. Мен учурдан пайдаланып, Ноокаттын соңку мезгилдеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн санактап, мыктыларына мактанып, кемчиликтерин жашыргым келблейт. Калыс бааны эл өзү берсин! Ал эми акыркы чечимди ошого жараша мен кабыл аламын.
— Антсе дагы, ушул тапта Ноокат жергеси ажайып жерлерден куру эмес. Андыктан, аны неге туризм мекенине айлантпай келатасыздар?
Туура айтасыз. Кара-Кой, Апшыр-Ата жана Чили-Сай өңдөнгөн эң ажайып
жерлерибиз Ноокатта толтура. Бул аймактарга ата мекендик жана чет өлкөлүк туристтерди кеңири тартуу максатында каражатыбызды аяган жокпуз. Жергиликтүү бюджетибизден миллиондогон сомдорду коротуп, биринчиден, өңгүл-дөңгүл жолдорубузга бүт асфальт төшөдүк. Экинчиден, жергебизге агылган туристтерди тейлөөнүн сапатын – сервисин кыйла жакшырттык.
— Президентибиз Садыр Жапаров акыркы тапта жергилиликтүү жетекчилерди ротациялоону (которуштуруп иштетүүнү) активдештирди. Мындай жышаан бара-бара өзүн-өзү актаар бекен?
— Албетте! Мен буга бөркүмдөй эле ишенем! Мен өзү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында төрөлүп-өскөнүм менен, ата-энем кезинде Баткен облусунун Лейлек районунда он эки жыл бою мугалим болуш иштешкен. Демек, мекенимдин бул булуң-бурчунун – Түштүк жергесинин кааада-салты, үрп-адаты жана менталитети мага дээрлик жат эмес!
Президентибиз Садыр Жапаров жетекчилерди тандоодо биринчиден, кадрдын иш билгилигине, экинчиден, мекенчилдигине, үчүнчүдөн, жергиликтүү калк менен бат тил табышып иштөөсүнө (дипломаттыгына) өзгөчө басым жасап келатат. Арийне, мындай кадрдык реформа акыры үзүрүн берээри шексиз!
— Айтмакчы, Сиз Ысык-Көл районунун акими кезиңизде өзүңүз отставкага кеткениңиз эсибизде. Бирок, мунун себебин жар салган эмессиз. Эмне үчүн?
— Ооба. Мен Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу максатында гана ушундай чечкиндүү жана дагы бир жаңсыл кадам жасаганмын. Ошол бойдон Жогорку Кеңешке дагы, анан кайра кайтып Ысык-Көл районунун акимдигине дагы барган жокмун.
— Мына, Ноокатка жаз баш бакты. Дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген кредиттер, ошондой эле ссудалар маселеси жайгарылганбы?
— Ооба. Былтыр 97 жараныбызга (дыйкандарга жана фермерлерге) 192 миллион сом жеңилдетилген каражат иретинде таркатылды. Ал эми быйыл деле ушул деңгээлден түшпөйбүз. Үстөгү 6-9 пайыздан дээрлик жогорулатылбайт. Анткени, ар тараптан көзөмөл күч! Мында мамлекеттик РСК жана Айыл Банктар кардарларга жетиштүү кызмат көрсөтүп жатышат.
— Данир мырза, “Генерал болууну эңсебеген жоокер аскер эмес!” дегендей, Сиз деле өз мээнетиңииздин аркасында бара-бара губернатор, андан ары премьер-министр болуу ниетиңиз бардыр?
— Мен дээримден көкүрөк койгулаганды дегеле жаман көрөмүн. Ошентсе дагы, оомат пендеге оңойлук менен келбейт эмеспи. Ага көшөрүп эмгектенген инсан гана жетет да.
Жашырып не. Менин деле Кыргыз Өкмөтүн башкарайын деген аруу тилегим бар. Анткени, биринчиден, паам-парасатым, анан дагы тажрыйбам буга жетишээрлик. Экинчиден, чоң аймакты башкарып, айтаарлык тажрыйба топтоп, көп нерсеге эми гана акылым жетип, көзүм ачылды.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Сүрөттөр автордуку.