Намангандагы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында “Үчкоргон” (коңшу мамлекетте “Кеңсай”) бажы посту ачылганын Өзбекстандын Бажы комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул өткөрүү пункту күнүнө орточо эсеп менен 10 миң адамды, 500дөн ашык жүк ташуучу жана 300дөн ашык жеңил унааларды өткөрөт.

Мындан тышкары, “Үчкоргон” чек ара бекети аркылуу Тажикстандан Россияга, Кытайга жана Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүүнүн натыйжасында Анжиян облусундагы «Дустлик» чек ара бажы постунда жүк ташуу 30-40%га азайышы күтүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, 12-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кара-Суу — унаа жолу» өткөрүү бекетинин ачылыш аземи болду.
Бекеттин ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу Элчибек Жантаев жана өзбек тараптын өкүлдөрү катышышкан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу” өткөрмө бекети 14 жылдан кийин кайрадан ачылып, кыргызстандыктар аталган бекет аркылуу Өзбекстанга өтүп баштады.
Өткөрмө бекетте эки тараптан бештен кызматкер суткасына 4 миңден 5 миңге чейин адамды тейлөөгө мүмкүн болору айтылды.
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде узун кезек пайда болуп, бул ыңгайсыздык элдин нааразылыгын жаратып келген.
Эске сала кетсек, эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган.
Эки өлкөнүн мамилеси 2016-жылдан тартып жакшырып, бекеттерди ачуу иштери башталган. Мисалы, Ош облусундагы “Достук” чек ара бекети 2017-жылы ачылып, аз убакыттын ичинде эле Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү “Маданият” жана “Баймак” өткөрмө бекеттери иштей баштаган.



















