Кезектеги демаркациялоо иштеринин алкагында бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрү биргеликте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерден башталган тилкеге алгачкы чек ара мамычаларын орнотуу башталды.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, демаркациялоо процесси башталгандан бери жалпы узундугу болжол менен 416,01 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара тилкесинде биргелешкен талаа иштери жүргүзүлдү, Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, ошондой эле Тажикстандын Согд облусунун Исфара жана Конибод шаарларынын, Бобожон Гафуров, Жаббор Расулов, Спитамен жана Деваштич райондорунун чектеш аймактарынын алкагында 1627 чек ара белгиси (жалпысынан 1954 чек ара мамычасынан турган) үчүн алдын ала координаттар жана орнотуу жайлары аныкталып, алар жыгач жана металл казыктар менен белгиленди.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.
Мамлекеттик чек араны 2002-жылдын декабрында башталган делимитациялоо процессинин толук жыйынтыкталышы эки коңшу өлкөнүн ортосундагы мамилелеринде жаңы барак ачкан тарыхый жетишкендик болду. Бул жыйынтыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун саясий акылмандыгы, өз ара ишеними, ошондой эле коңшулук, өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана эки тараптын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине болгон бекем умтулуусунун аркасында жетишилди.
2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан, бул чек ара аймактарында ишенимди андан ары бекемдөө жана узак мөөнөттүү туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бекем эл аралык укуктук негиз түздү.



















