Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Жигитов кыргыз-өзбек дипломатиясынын башатында турган инсан

  • Аналитика
  • 18.03.2026 10:57

Loading

Бүгүн белгилүү адабиятчы, сынчы жана дипломат, кыргыз-өзбек дипломатиясынын башатында турган инсандардын бири Салижан Жигитовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1936-жылдын 17-мартында Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алып, кийин илимий иштер менен алектене баштаган. Филология илимдеринин доктору, профессор даражасына жеткен Жигитов кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү адабиятчы жана сынчы катары таанылган. Ошол эле учурда ал коомдук ишмер жана дипломат катары да эл эсинде калды.

Салижан Жигитовдун дипломатиялык ишмердиги анын өмүр баянында өзгөчө орунду ээлейт. Ал кесипкөй дипломат болбосо да, өзүнүн терең билимдүүлүгү, кеңири ой жүгүртүүсү жана жогорку маданий деңгээли менен Өзбекстандагы элчилик кызматын аркалаган мезгилде дипломаттык сапаттарын даана көрсөтө алган.

Бул жерде бир жагдайды белгилей кетүү маанилүү. Дипломатиялык кызматта иштегендердин көпчүлүгү карьералык дипломаттар деп аталат. Алар атташе, үчүнчү катчы, экинчи катчы, биринчи катчы, кеңешчи сыяктуу даражалардан өтүп, акырында элчи даражасына жетишет. Бирок тарыхта башка тармактарда чоң ийгиликке жетип, кийин дипломатиялык кызматка тартылган инсандар да аз эмес. Мындай адамдар көбүнчө саясий дайындоо аркылуу келген дипломаттар деп аталат.

Тема боюнча

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

18.11.2026

Салижан Жигитов дал ушундай дипломаттардын катарына кирет. Ал өзүнүн кадыр-баркын илимде, адабиятта жана коомдук ишмердүүлүктө топтогон. Филология илимдеринин доктору, профессор жана белгилүү адабиятчы катары ал Өзбекстанда да жакшы таанылган. Айрыкча өлкөнүн интеллигенция өкүлдөрү арасында чоң абройго ээ болгон. Балким дал ушул себептерден улам анын Өзбекстанга элчи болуп дайындалышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Анын интеллектуалдык жана маданий потенциалы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө да оң таасирин тийгизгени шексиз.

Тарыхта жазуучулар менен дипломаттардын ортосунда өзгөчө байланыш бар экени белгилүү. Көптөгөн атактуу жазуучулар дипломатиялык кызматта иштеген. Маселен, орус акыны Александр Пушкин Тышкы иштер министрлигинде кызмат өтөгөн. Анын замандаштары Александр Грибоедов менен Фёдор Тютчев да чет өлкөлөрдө дипломатиялык кызматта болушкан. Мындай мисалдар дүйнө тарыхында көп кездешет. Кыргызстандын тарыхында да адабият менен дипломатияны айкалыштырган инсандар бар. Алардын катарына Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучулар кирет.

Салижан Жигитов да ушул салтты уланткан инсандардын бири болгон. Ал Советтер Союзу ыдырагандан кийин жаңыдан эгемендик алган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин пайдубалы түптөлгөн мезгилде кызмат кылган элчилердин катарына кирет.

Эскерте кетсек, 1991-жылы СССР ыдырап, союздук республикалар эгемендигин жарыялай баштап, тарыхта «эгемендүүлүк парады» деп аталган саясий процесс башталган. Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендигин жарыяласа, Өзбекстанда көз карандысыздык 1991-жылдын 1-сентябрында жарыяланган.
Эгемендикке жаңыдан жетишкен эки коңшу мамлекет үчүн дипломатиялык мамилелерди түзүү жеңил иш болгон эмес. 1992-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы туруктуу өкүлү болуп белгилүү мамлекеттик ишмер, ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мирза Кулматович Капаров дайындалган.

Кийинчерээк эки өлкөнүн ортосундагы достук жана коңшулук мамилелердин укуктук негизин бекемдөө максатында 1993-жылдын 16-февралында дипломатиялык мамилелер расмий түрдө орнотулган.
Ал мезгилде бардык жаңы мамлекеттер үчүн тышкы саясатты жүргүзүү таптакыр жаңы тармак болчу. Кыргызстанда да, Өзбекстанда да Тышкы иштер министрлиги бар болгону менен, алар толук кандуу мамлекеттик институт катары калыптана элек эле. Союз мезгилинде улуттук республикалардын чет мамлекеттер менен болгон бардык байланыштары Москва аркылуу чечилчү. Ошондуктан эгемендикке жетишкенден кийин тышкы саясатты өз алдынча жүргүзүү бул мамлекеттер үчүн чоң сыноо болду.

Өзбекстан да мындай жагдайга толук даяр эмес болчу. Андыктан алгачкы жылдары элчиликтер ар кандай имараттарга убактылуу жайгашууга аргасыз болушкан. Дипломатиялык протокол да толук калыптана элек болчу. Каржылык каражат, экономикалык мүмкүнчүлүк жана кесипкөй адистер жетишсиз эле. Ошентип жаңы мамлекеттердин дипломатиялык кызматы турмуштун өзү үйрөткөн сабактар аркылуу акырындап калыптана баштаган.

Элчиликте саясий маселелер боюнча кеңешчи болуп иштеген Акылбек Жумабаевдин айтымында, 1993-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Өзбекстандагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Ташкент шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги болуп кайра түзүлүп, Салижан Жигитов Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Мына ушул дайындоо менен ага эки өлкөнүн ортосунда жаңыдан калыптанып жаткан дипломатиялык мамилелерди бекемдөө милдети жүктөлгөн. Анын алдына Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын негизги маселелери — жаңы эгемен мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин укуктук жана институционалдык негизин түзүү, элчиликтин ишин жолго коюу, мамлекеттик чек араларды тактоо, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты калыптандыруу маселелери коюлган.

Дипломатиялык салтка ылайык, элчинин ишеним грамотасын тапшырышы анын кабыл алган мамлекетте өз өлкөсүнүн расмий өкүлү катары таанылганын билдирген маанилүү жөрөлгө болуп саналат. Салижан Жигитов ишеним жарлыгын Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго 1994-жылдын март айында тапшырган.

Жолугушууда Ислам Каримов кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхый жакындыгын белгилеп, «базарыбыз да бир, мазарыбыз да бир, бир дарыядан суу ичкен калкпыз, элдерибиздин достугу кылымдарды карыткан» деп жылуу сөздөрүн айткан. Ошол эле маалда Кыргызстанды «демократиянын аралчасы болууга умтулуп жатасыңар» деп кыйытып да өткөн.
Салижан Жигитов бул пикирлерди негизинен колдоп, ошол эле учурда дипломатка мүнөздүү кылдаттык менен жооп кайтарган. «Биз демократиялык аралча эмес, демократиялык субконтиненттин бир бөлүгү болууну каалайбыз», — деген анын жообу Борбор Азияда демократиялык баалуулуктар бекемделишине болгон ишенимди да кыйыр түрдө билдирген.

Кыргызстандын элчилиги Ташкент шаарынын борборундагы Мустакиллик аянтындагы имараттын бир канатында жайгашкан. Бул имаратта мурда Өзбекстандын Олий Мажлиси жайгашып, кийин Алишер Навои атындагы Улуттук китепкана иштеген. Бүгүнкү күндө бул имаратта Өзбекстан Республикасынын Президентинин иш кеңсеси жайгашкан.

Ал кезде имараттын экинчи кабатында Кыргызстандан тышкары Беларусь, Украина жана Тажикстандын элчиликтери да орун ээлеген. Кыргызстандын элчилигине беш бөлмө ажыратылган.

Салижан агай ошол бөлмөлөрдүн бирин Өзбекстанда жаңыдан түзүлгөн Кыргыз улуттук маданий борборуна убактылуу пайдаланууга берген. Ал учурда мен Республика Кыргыз маданий борборунун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштечүмүн. Борбордун төрагасы Аброр Каримов Жизак облусунда акимдин орун басары болуп иштегендиктен, Ташкентке дайыма келе албай турган. Ошондуктан борбордун күнүмдүк иштеринин негизги бөлүгү менин мойнума жүктөлгөн эле. Ушул жагдайлардан улам Салижан агайдын элчилик мөөнөтүндө биз элчилик менен тыгыз иштешип, дээрлик үч жыл бою үзгүлтүксүз жолугушуп, пикир алышып, ар кандай иш-чараларды биргелешип өткөрүп турчубуз.

Ошондой иш-чаралардын маанилүүлөрүнүн бири «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар болгон. Бул маараке кыргыз менен өзбек элдеринин тарыхый жакындыгын дагы бир ирет айгинелеп, эки элдин достугун бекемдөөгө чоң салым кошкон.

Мааракенин алкагында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияда Салижан Жигитов мазмундуу баяндама жасап, «Манас» эпосунун тарыхый жана руханий мааниси тууралуу ой бөлүшкөн. Айрыкча Манастын жубайы Каныкей Бухара өкүмдарынын кызы экендиги тууралуу айткан маалыматы өзбекстандык окумуштуулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынган.

Салижан агай Өзбекстандагы жергиликтүү кыргыздардын турмушуна, жашоо-шарттарына жана маданий салттарына дайыма кызыгуу менен көңүл буруп турган. Ал муну элчиликтин түздөн-түз милдеттеринин бири катары караган.

Айрыкча жаштардын билим алуусу жана кыргыз мектептериндеги окуу-тарбиянын сапаты анын көңүл борборунда болгон. Ал мезгилде Өзбекстандагы кыргыз мектептеринде окуу китептери жетишсиз эле. Союз учурунда мындай китептердин көпчүлүгү Кыргызстанда басылып жеткирилчү.

Бул маселени Салижан агай Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен болгон жолугушууларында көтөрүп, боордош элдердин тилдериндеги окуу китептерин өлкө ичинде басып чыгарууну сунуш кылган. Бул демилге колдоо таап, Ташкентте «Боордош өлкөлөрдүн тилдери» редакциясы түзүлгөн. Ошонун негизинде «Өзбекстан» басма үйүндө «Кыргыз бөлүмү» уюштурулуп, ал бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин даярдап келет.

Жалпысынан алганда, Салижан Жигитовго жүктөлгөн милдеттер ийгиликтүү аткарылып, анын түздөн-түз катышуусу менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын саясий жана укуктук негизи калыптанып, жакшы коңшулук мамилелер эл аралык тышкы саясаттын туруктуу багытына айланышына олуттуу салым кошулган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жаңы баскычка көтөрүлдү. Айрыкча соңку жылдары эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан жакшы коңшулук саясаты бул мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыкты. Чек ара маселелеринин чечилиши, соода-экономикалык байланыштардын кеңейиши жана маданий-гуманитардык алакалардын жанданышы эки элдин ортосундагы ишенимди мурдагыдан да бекемдеди.

Бирок бүгүнкү ийгиликтер кокусунан пайда боло калган жок. Бул мамилелер тарыхтын ар кандай сыноолорунан өтүп, акырындап калыптанды. Дал ушул алакалардын башатында Салижан Жигитов сыяктуу алгачкы дипломаттардын эмгеги турганын унутпашыбыз керек.

Адамзат коому илгерилей берген сайын тарыхый окуялардын чыныгы мааниси да жаңы өңүттөн ачыла берет. Убакыт өткөн сайын айрым инсандардын эмгеги дагы даана көрүнүп, алардын мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө кошкон салымы тарых барактарында өзгөчө бааланары шексиз.

Төлөнбай Курбанов.
Ташкент, 2026-жылдын 17-марты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ислам Каримовкыргыз-өзбек мамилесиКыргызстанӨзбекстанСалижан Жигитов
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

18.11.2026
Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

23.10.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

21.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.