12-майда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев өлкөгө иш сапары менен келген Бразилиянын тышкы иштер министри Мауро Виейраны кабыл алды.
Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
“Тараптар өзбек-бразилия мамилелерин андан ары чыңдоо жана көп кырдуу кызматташтыкты сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү маселелерин талкуулашты”, – деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, тараптардын сүйлөшүүсүндө өз ара сооданы көбөйтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана химия, электротехника, фармацевтика жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Мындан тышкары, айыл чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, туризмде, спортто жана башка тармактарда кызматташуунун келечеги белгиленип, аларды ишке ашыруу үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүү сунушталды.


















