С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында дүйнөлүк бестселлер, балдардын сүймөнчүгүнө ээ болгон “Гарри Поттер” чыгармасынын негизинде спектакль даярдала баштады.
Бул тууралуу театрдын маалымат кызматынан билдиришти.
Аны коюу үчүн Казак эл артисти, дүйнөгө белгилүү режиссер Бекпулат Парманов чакырылган. Жоан К.Роулингдин фантазиялык жанрда жазылган сыйкырчы бала Гарри Поттердин окуялары жөнүндө 7 томдук “Гарри Поттер” китебинин негизинде спектаклдин инсценировкасын да өзү даярдаган.
Режиссер Б.Парманов Ош улуттук драма театрында коюла турган драмалык чыгарма буга чейин Гарри Поттер жөнүндө тартылган көркөм тасмаларды жана дүйнө театрларында коюлган спектаклдерди туурабаган оригиналдуу вариантта болорун белгилейт.
Спектаклдин премьерасы 17-18-март күндөрү өтөт.
Улуу Британиялык жазуучу Жоан К.Роулингдин фантастикалык Гарри Поттер фэнтези чыгармасы 80ден ашык тилге которулуп, жалпы 500 миллион нускада жарык көргөн. Китептерде Гарри Поттер аттуу жаш сыйкырчынын жана анын жакын достору Рон Уизли менен Гермиона Грейнджердин Хогвартс сыйкырчылык жана сыйкырчылык мектебиндеги окуялары баяндалат. Алар сыйкыр дүйнөсүнүн эң коркунучтуу кара күчү болгон Лорд Волан-де-Мортко каршы күрөшүп, достук, кайраттуулук жана тандоонун күчү сыяктуу терең темаларды камтыйт.
Чыгарма биринчи жолу 1997-жылы “Гарри Поттер жана Философиялык таш” китеби менен жарык көрүп, кыска убакыттын ичинде чоң популярдуулукка жеткен. Анын негизинде тартылган тасмалар дүйнө жүзүндө эң көп киреше алып келген фильмдердин катарына кирет. “Гарри Поттер” сериясы балдардын жана өспүрүмдөрдүн адабиятына чоң таасир тийгизип, бүткүл дүйнөлүк маданиятка өз изин калтырган.




















