Бельгиянын улуттук курамасы 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи турундагы беттеште Ирандын курама командасы менен 0:0 эсебинде тең чыкты.
Sport-express басылмасы билдиргендей, оюн АКШнын Калифорния штатындагы Инглвуд шаарында өттү.
25-мүнөттө ирандык чабуулчу Мехди Тареми гол киргизген, бирок VAR (видео жардамчы калыстар системасы) текшерүүсүнөн кийин офсайд аныкталып, гол эсепке алынган жок. 66-мүнөттө бельгиялык коргоочу Натан Нгой кызыл карточка алып, талаадан чыгарылгандыктан, Бельгия курамасы оюнду он оюнчу менен улантты.
G тайпасында ойногон Иран менен Бельгия эки турдан кийин тең 2ден упай топтошту. Биринчи турда бельгиялыктар Египет менен 1:1 эсебинде тең ойношкон, ал эми ирандыктар Жаңы Зеландия менен 2:2 эсебинде тең чыгышкан. Египет менен Жаңы Зеландиянын беттеши 3:1 эсебинде египеттиктердин пайдасына аяктады
Тайпалык баскычтын акыркы турунда Египет менен Иран, ошондой эле Бельгия менен Жаңы Зеландия беттешет. Бул оюндар 27-июнга караган түнү өтөт.
Дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат жана 19-июлда жыйынтыкталат. Турнирге тарыхта биринчи жолу 48 команда катышууда. Алар 12 тайпага бөлүнгөн. Плей-оффко ар бир тайпанын эң мыкты эки командасы, ошондой эле үчүнчү орунду ээлеген сегиз мыкты курама чыгат.
Дүйнө чемпионатынын учурдагы чемпиону — Аргентина курама командасы.















