Европанын эң абройлуу футболдук турнири — Чемпиондор Лигасынын 2025/26-жылкы сезону алгачкы оюндардан тарта эле сенсациялар менен башталды. 17-сентябрда башталган алгачкы күнү эле алты оюн өттү.
Тактап айтканда, азербайжандык “Карабах” өз тарыхында биринчи жолу топтук этапка чыгып, дароо эле чоң сенсация жаратты. Команда Лиссабондо Португалиянын күчтүү клубдарынын бири “Бенфиканы” 3:2 эсебинде жеңди. Алгачкы таймда же 15-мүнөткө чейин эле 0:2 эсебинде утулуп жаткан азербайжандыктар акыркы мүнөттөрдө бурулуш жасап, тарыхый жеңишке жетти.
Ал эми Чемпиондор Лигасына алгачкы жолу катышып жаткан бельгиялык “Юнион Сен-Жиллуа” командасы да таң калычтуу жыйынтык көрсөттү. Алар Нидерландда “ПСВ Эйндховенди” 3:1 эсебинде жеңип, топтук этаптагы алгачкы оюнун жеңиш менен баштады. Белгилеп койчу жагдай нидерланддык бул клуб бул чемпионатка 18-жолу катышып жатат.
Италиядагы эң кызыктуу беттеш Турин шаарында өттү. Анда “Ювентус” менен “Боруссия Дортмунд” 4:4 эсебинде тең чыгышты. Голдорго бай бул оюн футбол күйөрмандарын өзгөчө психологиялык басым астында калтырды.
Англиялык «Тоттенхэм» Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун өз талаасында ийгиликтүү баштады. Лондондогу оюнда алар Испаниянын «Вильярреалын» 1:0 эсебинде утту. Жеңиш голу 4-мүнөттө эле катталды — коноктордун дарбазачысы Луис Жуниор ката кетирип, топту өз дарбазасына киргизип алды.
Англиянын “Арсенал” клубу Испанияда “Атлетик Бильбаону” 2:0 менен утса, “Тоттенхэм Хотспур” өз талаасында “Вильярреалды” 1:0 эсебинде жеңди.
Көпчүлүктүн көңүлү Испаниянын “Реал Мадрид” жана Франциянын “Марсель” клубдарынын оюнуна бурулду. Жыйынтыгында королдук клуб атаандашын өз үйүндө кабыл алды да, 2:1 эсебинде жеңип, сезондогу жолун ийгиликтүү баштады. Башкача айтканда, Килиан Мбаппе эки пенальтиден гол киргизип, мадриддиктерге жеңиш алып келди.
30-сентябрда “Реал Мадрид” Казакстандын Алматы шаарына келип, “Кайрат Алматы” командасы менен беттешет. Чемпиондор Лигасына алгачкы жолу чыккан алматылыктар бул оюнга кызуу даярданып жатат.


















