3-июлда, CAFA NATIONS CUP-2025 эл аралык мелдешинин чучукулак тартуу аземи өттү. Анын жыйынтыгында “Ак шумкарлар” Өзбекстан, Түркмөнстан, Оман менен бирге «А» тайпасына кирди.
Бул турнирге жалпысынан 8 команда катышууда. Алар — Иран, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Оман жана Өзбекстан.
Борбор Азия футбол ассоциациясынын курамалары катышкан бул «Улуттар Кубогу» 29-августтан 8-сентябрга чейин Душанбе жана Ташкент шаарларында өтөт.
Кыргызстандын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын келишиминин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, өткөн айдын соңунда кызматынан кеткен. Ошондуктан азырынча “ак шумкарлардын” машыктыруучусу белгилүү боло элек.
Улуттук курам акыркы жылдары чоң ийгиликтерге жетишип жатат. Атап айтсак, тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноду. Бул жолу ийгиликтүү боло алышпаган менен Азия Кубогунун финалдык беттештери үчүн башка мамлекеттердин командаларын күтүп жатышат.



















