Бүгүн, 1-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептер окуучуларга эшигин ачты. Шаар мэри Эрнисбек Ормоков, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев шаардагы №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебине барып, мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты. Бул тууралуу мэриянын Маалымат борборунун жетекчиси Кабылбек Көчкөнбаев билдирди.
Анын айтымында, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жаңыдан мектеп босогосун аттаган балдарга өзгөчө көңүл бөлүп, алардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырып, мекенди сүйүүгө тарбиялоо керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, сынактарда жеңишке жетишкен окуучуларга, мугалимдерге жергиликтүү бийлик, шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарындагы жалпы 20 мектепте 1200дөй мугалим эмгектенип, 29 миңге жакын окуучу билим алат.
Ал эми жаңы окуу жылында 1-класска кабыл алуу боюнча Жалал-Абад шаарында 3200 окуучуга квота берилген болсо, ушул тапта 2700 окуучу мектеп босогосун аттады. Учурда балдарды 1-класска кабыл алуу улантылып жатат.