Антониу Гутерриш мунун альтернативасы жарандык калк жана аймактык туруктуулук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келе турган дагы кеңири масштабдагы жаңжал болорун билдирди.
АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларына байланыштуу БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш жарандык калк үчүн оор кесепеттерге жол бербөө максатында согуш аракеттерин дароо токтотууга чакырды.
«Мен деэскалацияга жана согуш аракеттерин кечиктирбестен токтотууга чакырам. Болбосо мунун ордуна жарандык калк жана аймактын туруктуулугу үчүн олуттуу кесепеттерге алып келе турган дагы кеңири масштабдагы жаңжал чыгышы мүмкүн», — деди ал Ирандын айланасындагы кырдаалга арналган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.



















