Анын ичинде бул өлкөдө 2,2 млн бала курч жетишсиз тамактануудан жабыркоодо.
Кагылышуулардын күчөшү, экономикалык кризис жана климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен Түштүк Суданда 7,8 миллион адам курч азык-түлүк жетишсиздигине туш болуп, өлкө олуттуу азык-түлүк кризисине кабылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) тараткан билдирүүдө апрелден июлга чейин Түштүк Суданда азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли «кризис» баскычына жана андан жогору деңгээлге жетери күтүлүп жатканы айтылат.
Маалыматка ылайык, өлкө калкынын 56%ын түзгөн 7,8 млн адам кризистик деңгээлдеги азык-түлүк жетишсиздигине туш болуп, 73,3 миң адам «катастрофа» деңгээлиндеги ачарчылык коркунучунда турат.
Документте акыркы баалоолорго ылайык азык-түлүк жетишсиздигинин коркунучу 160%га өскөнү белгиленген. Эң аялуу катмарлар катары аялдар жана балдар эсептелет.
Ошондой эле 2,2 млн бала курч жетишсиз тамактануудан жабыркап жатканы айтылат.
Мындан тышкары, болжол менен 700 миң бала оор курч жетишсиз тамактануу коркунучунда, ал эми 1,2 млн кош бойлуу жана эмчектеги баласы бар аялдар ден соолукка олуттуу коркунучтарга дуушар болууда.
Билдирүүдө Жонглей, Жогорку Нил жана Юнити штаттарынын 11 районунда ачарчылыктын олуттуу коркунучу бар экени баса белгиленген.
Ошондой эле өлкөдөгү уланып жаткан кагылышуулар көптөгөн медициналык мекемелердин жабылышына алып келгендиги, ал эми медициналык кызматтардын жетишсиздиги безгек жана холера сыяктуу оорулардын жайылышына шарт түзүп жатканы айтылат.
FAO жана WFP эл аралык коомчулукту тез арада каржылык жардам көрсөтүүгө чакырып, азык-түлүк жардамын камсыз кылуу, таза сууга жетүүнү жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасын колдоону талап кылышты.
















